8-ИЮНЬ, 2022
ОРУСИЯ
Орусиядагы ишенимдештерибиздин укугун коргогон Европа сотунун тарыхый чечими
2022-жылдын 7-июнунда Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) Орусияда куугунтукка алынып жаткан Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына тарыхый чечим a чыгарды. Соттун чечимине ылайык, 2017-жылы Орусиянын Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салганын, адабияттарын басып чыгарганга, jw.org сайтына маалымат жарыялаганга бөгөт койгонун мыйзамсыз деп тапты. Орусия өкмөтү ишенимдештерибизге каршы козголгон бардык кылмыш иштерин жапканга, ишеними үчүн түрмөдө отургандарын эркиндикке чыгарганга милдеттендирди. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунан тартып алган бардык мүлктү кайтарып берүүгө же анын ордуна 59 617 458 евро же (63 684 978 АКШ долларын) төлөп бергенге буйрук берди. Мындан тышкары, Орусия куугунтукка алынгандарга жабыр тартып калганы үчүн жалпы жонунан 3 447 250 евро (3,682,445 АКШ долларын) төлөп бергенге да тийиш.
Сот 2010-жылдан 2019-жылга чейин 1 400дөн ашуун кишиден келип түшкөн 20 доо арызды карап чыкты. Алардын арасында жеке адамдар да, юридикалык жактар бар болчу. АУЕСтин чечими ушул ишке тиешелүүлөргө эле таасир этпейт. Сот Орусия «Жахабанын Күбөлөрүнө каршы козголгон каралып жаткан бардык кылмыш иштерин токтотушу,.. камакта отурган бардык Жахабанын Күбөлөрүн боштондукка чыгарышы керектигин» айтты (жантайыңкы ариптер биздики, ред.). Бул чечим Орусиядагы эле эмес, башка өлкөлөрдөгү боордошторубуздун да жакшы аброюн коргоду. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрү мыйзамга баш ийген, ошого карабай эч кандай негизи жок эле куугунтукка алынып жаткан жарандар экенин тастыктады.
Соттун чечиминде Орусиядагы бийликтегилердин Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракеттери, ишенген нерселери, адабияттары, веб-сайты экстремисттик деп койгон айыптары кайра-кайра четке кагылып жатты. Төмөндө ошол чечимдеги айрым ойлор келтирилди:
Иш-аракеттери: АУЕС Орусиядагы соттор Жахабанын Күбөлөрүнүн «эч бир сөзү, иштери зордук-зомбулукка, жек көрүүчүлүккө, басмырлоого жатат» деп таппаганын баса белгиледи (271-абзац).
Жахабанын Күбөлөрүнүн өз динин чыныгы деп эсептээри. «Жахабанын Күбөлөрүнүн башкаларга алардын дини чыныгы дин деп айтканы, аларды „жалган диндерден” баш тартып, „чыныгы динге” кошулууга жылуу-жумшак үндөгөнү дин тутуу эркиндигине да, пикир билдирүү эркиндигине да каршы келбейт, бул мыйзам чегинде». (156-абзац).
Кан куйдуруу. «Кан куйдуруудан баш тартканда Жахабанын Күбөсү ден соолукка байланыштуу өз алдынча чечим чыгаруу укугуна ылайык иш кылды. Бул укукка Европа конвенциясында жана Орусиянын мыйзамдарында кепилдик берилет» (165-абзац).
Ишеними үчүн аскер кызматынан баш тартуу. «Кудайга ишенгени үчүн аскер кызматынан баш тарткандык Орусиянын бир да мыйзамына каршы келбейт» (169-абзац)
Биздин адабияттар. «Жахабанын Күбөлөрүнүн диний иш-чаралары да, адабияттарында жазылган ойлору да эч кандай зордук-зомбулукка түртпөйт. Тескерисинче, алар башкаларды тынчтыкка умтулганга үйрөтүшөт» (157-абзац)
JW.ORG сайты. Сот jw.org сайтында экстремисттикке жаткан эч кандай маалымат жок экенин тастыктады. Бийликтегилерге кандайдыр бир маалымат жакпай калган күндө да, алар бүт сайтты жаппай эле, ошол эле маалыматты алып салууну талап кылышы керек болчу (231 жана 232-абзац).
Сот Орусия өкмөтүн катуу айыптап, Жахабанын Күбөлөрүнө бейкалыстык, адилетсиздик, «кара санатайлык» кылганын айтты (187-абзац). Сот эмнеге өзгөчө көңүл бурганына назар салсаңар:
«Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы бардык диний уюмдарын күчкө салып жаап салганы укуктук нормаларга каршы келгенден тышкары, Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүнүн диний иш-чараларын анча жактыра бербесин айкын кылды. Бийликтегилер, чынында, Жахабанын Күбөлөрүн ишениминен баш тарттырууну жана башкаларга аларга кошулганга бут тосууну каалашкан» (254-абзац).
Орусия өкмөтү «сот иштеринде олуттуу каталарды кетирген». Мисалы, Орусия Федерациясынын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрү чыгарган адабияттарды чынчылдык менен текшерип чыккандын ордуна, чечимин полиция жана прокуратура дайындаган бейкалыс адистердин тыянагына таянып чыгарышкан (203-абзац).
Орусиянын экстремизмге байланыштуу мыйзамы өтө эле бүдөмүк. Ушуну пайдаланып, бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнө каршы иш кылыш үчүн ал мыйзамды каалашынча бурмалашкан (272-абзац).
АУЕСтин чечими Орусиянын бийликтегилеринин оюн өзгөртөбү, жокпу, белгисиз. Бирок биз адам баласына эмес, биздин «жардамчыбыз жана калканыбыз» болгон Жахаба Кудайыбызга таянабыз (Забур 33:20).
a АУЕСтин 7 беттик пресс-релизин (англ.) жүктөп алгыла. ECHR’s seven-page press summary. Download the АУЕСтин 196 беттик толук жыйынтыгын (англ.) жүктөп алгыла.