19-АПРЕЛЬ, 2022
ОРУСИЯ
Орусиядагы ишенимдештерибиз беш жылдан бери куугунтукталып жатышса да, багынбай, кайраттуулук көрсөтүүдө
2022-жылдын 20-апрелинде Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганына беш жыл болду a. Жылдан жылга бийликтегилер ишенимдештерибизди куугунтуктаганы, айрымдарын атүгүл ур-токмокко алганы күчөп баратат. Бирок jw.org сайтындагы жаңылыктардан көрүнүп тургандай, бир туугандар бул сыноону кайраттуулук менен көтөрүп жатышат.
Деннис Кристенсендин түрмөдө отурганына беш жылдай болуп калса да, ал баарыбызга эң сонун үлгү көрсөтүп жатат. 2019-жылдын май айында сот анын доо арызын четке каккан. Ал аны колдогону келген ишенимдештерине ишенимдүү түрдө: «Жахабага кызмат кылыш үчүн колуман келгендин баарын кылып жатам. Өмүр бою ушунуман жазбайм»,— деп айткан.
Жети жылга шарттуу камакка алынган Игорь Турик да так эле ушундай маанай чагылдырып жатат. Ал Совет доорунда куугунтукталган Николай Калибаба менен жолукканын эстейт. Николай ага куугунтукка кабылганда, Жахабанын өзүнүн кызматчыларына кантип кам көрөрүн көрсө болорун айткан. Игорь: «Ишенимиң үчүн азап тартканың чоң сыймык экенин түшүндүм»,— дейт. Бул ага багынбай, кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөргөнгө жардам берүүдө.
Евгений Федин болсо мындай деп ой бөлүшөт: «Азыр өз укуктарың үчүн күрөшө турган убак эмес. Жахабага ишенимдүү бойдон калсаң, ал өз учурунда адилеттүүлүктү сөзсүз орнотот. Азыр анын баталары үчүн күрөшүшүбүз керек. Бул мага кыйынчылыктарга карата оң маанай сактаганга жардам берет. Ар бир сыноо Жахабаны даңктаганга жана ага берилгендигибизди сактаганга мүмкүнчүлүк түзөт».
Татьяна Жук деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Башыбыздан көп нерсени өткөрдүк, мындан ары да кыйынчылыктарга туруштук бергенге чечкиндүүбүз. Бул Жахабанын биз менен экенин далилдеп турат. Анткени мындай кыйын жагдайларда бир гана асмандагы Атабыздын жардамы менен кубаныч сактоо мүмкүн».
Жогоруда сөз кылынган Евгений мындай деп кошумчалайт: «Биз жеңүүчүбүз! Каякка барбайлы, тергөө камак жайында болобузбу, сот алдына барабызбы, түрмөдө отурабызбы, жеңүүчү болуп чыгабыз».
2017-жылы ишибизге тыюу салынганга чейин Советтер Союзунда Жахабанын Күбөлөрүнүн жүргүзгөн ишин изилдеген Эмили Бэран деген тарыхчы: «Тарых тастыктагандай, Орусия Жахабанын Күбөлөрүн жок кыла албайт»,— деп жазган.
Ышая 54:17деги: «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт»,— деген пайгамбарлыктын аткарылып жатканына Орусиядагы жана Крымдагы ишенимдештерибиз күбө болууда.
a Жогорку Соттун отурумунда Орусия өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактары жоюлса да, ар бир Жахабанын Күбөсү динин тута берсе болот деп билдирген. Анткен менен учурда өкмөттүн айткандары кылган иштерине карама-каршы келүүдө.