Мазмунун көрсөтүү

1-АПРЕЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиядагы сот Игорь Ивашинди 6 жылга шарттуу соттоду

Орусиядагы сот Игорь Ивашинди 6 жылга шарттуу соттоду

2020-жылдын 1-апрелинде Саха Республикасындагы Ленск райондук соту Игорь Ивашинди айыптуу деп таап, аны 6 жылга шарттуу соттоду. Ал соттун чечиминен кийин үйүнө кайтып барды. Бирок жаза мөөнөтү уланып жаткан учурда Кылмыш-жаза кодексиндеги Кудайга ишенүүгө же сыйынууга байланыштуу мыйзамды бузса, дароо абакка жөнөтүлөт. Жакында Игорь бир тууганыбыз тийиштүү сотко доо-арыз менен кайрылат.