Мазмунун көрсөтүү

4-ФЕВРАЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиядагы сот Ким менен Полеводовду күнөөлүү деп тапты

Орусиядагы сот Ким менен Полеводовду күнөөлүү деп тапты

2020-жылдын 4-февралында Хабаровск шаарындагы Железнодорожный соту Станислав Ким менен Николай Полеводовду эки жылга эркиндигинен ажыратууга өкүм чыгарып, аны шарттуу деп эсептөөгө токтом чыгарды. Ага ылайык, абакка камалышпаганы менен алар ушул убакыт аралыгында сыноо мөөнөтүндө болушат. Экөө тең бул өкүмгө карата даттануу менен кайрылганы жатат. Мындан сырткары, бул ишенимдештерибизге каршы козголгон экинчи кылмыш иши ошол эле шаардагы Индустриальный райондук сотунда каралууда. Өкүм жарыяланчу күн белгилене элек.