Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Бритвин Сергей менен Левчук Вадим сот залындагы темир тордун артында

20-АВГУСТ, 2020
ОРУСИЯ

Орусияда Бритвин менен Левчук бир туугандарыбыз алты жарым жылга кесилиши мүмкүн

Орусияда Бритвин менен Левчук бир туугандарыбыз алты жарым жылга кесилиши мүмкүн

Өкүм жарыя кылынчу күн

Айыптоочу талап кылган жаза

Алты жарым жылга эркинен ажыратуу

Жеке маалымат

Бритвин Сергей

  • Туулган жылы: 1965 (Кемеров облусу)

  • Кыскача таржымалы: Ондогон жылдар бою кран башкарып, чоң унааларды айдап иштечү. Ден соолугунан улам ардактуу эс алууга эрте чыккан. Спортту жакшы көрөт.

  • 1992-жылы Наталья менен баш кошкон. 1995-жылы Кудайдын өлгөн адамдарды тирилтери жөнүндөгү кабарды уккандан кийин Ыйык Китепти изилдей баштаган. Бир нече жылдан кийин жолдошу Сергейдин ишенимине баа берип, жакшы жакка өзгөргөнүн байкаган Наталья да Ыйык Китепти изилдей баштаган.

Левчук Вадим

  • Туулган жылы: 1972 (Кемеров облусу)

  • Кыскача таржымалы: Дин менен иши жок үй-бүлөдө чоңойгон. 14 жыл шахтада иштеген.

  • 1992-жылы Ыйык Китепти изилдей баштады. 1997-жылы Татьянага үйлөнгөн. Эки уулдун атасы. Бүт үй-бүлөсү менен Ыйык Китепти бедел тутушат. Спортту жана жаратылышта эс алганды жакшы көрүшөт.

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын 22-июлунда Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкерлери Берёзовский шаарындагы сегиз ишенимдешибиздин үйүн тинтишкен. Бритвин менен Левчук кармалып, суракка алынган. Андан кийин Кемеров борбодук сотунун чечими менен экөө тең убактылуу камоо жайына камалышкан. Ал жакта бир жарым жылдай болушту. 2019-жылдын 25-декабрында баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган. Азыркыга чейин үй камагында.

Бритвин менен Левчуктан сырткары, Кемеров облусунда ишеними үчүн дагы үч ишенимдешибиз кылмышкер катары айыпталууда. Орусияда түрмөдө отурган бир туугандарыбызды дайым эстеп, тиленип келебиз. Еврейлер 13:3тө баарыбыз: «Түрмөдө отургандарды, өзүңөр да алар менен түрмөдө отургандай, эсиңерден чыгарбагыла. Ошондой эле өзүңөр да денеде жашап жүргөндүктөн кордук көрүп жаткандарды унутпагыла»,— деп үндөлөбүз.

a Өзгөрүшү мүмкүн