25-МАРТ, 2020
ОРУСИЯ
Орусияда Владимир Алушкинге жана башка беш ишенимдешибизге каршы козголгон кылмыш иши биринчи жолу жокко чыгарылды
2020-жылдын 25-мартында Пенза райондук соту Владимир Алушкинге, Владимир Кулясовго, Андрей Магливге, Денис Тимошинге жана Татьяна Алушкина менен Галия Ольховага коюлган айыпты жокко чыгарды. Алардын иши кайра каралат.
Бул сот ишинде жеңишке жеткен Владимир бир тууганыбыз бир нече күндөн кийин абактан бошотулат. Иши кайра каралганга чейин Владимир Алушкин менен беш ишенимдешибизге башка жакка чыгууга болбойт. Аларга мындан башка да чектөөлөр коюлган.