9-ИЮНЬ, 2020
ОРУСИЯ
Орусияда Геннадий Шпаковский алты жарым жылга кесилди
2020-жылдын 9-июнунда, шейшемби күнү, Псков шаардык соту 61 жаштагы Геннадий Шпаковскийди алты жарым жылга түрмөгө кести. Ал сот залынан эле дароо камакка алынды. Бул Орусиянын Жогорку соту 2017-жылы жүргүзгөн ишибизге тыюу салгандан бери ишенимдештерибиз эркинен ажыратылган эң узак мөөнөт болуп эсептелет. Геннадий бир тууганыбыз доо-арыз тапшырганы жатат.