Мазмунун көрсөтүү

Спирин Евгений сот залындагы темир тордун ичинде

9-ИЮЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусияда Евгений Спирин 7 жылга кесилиши мүмкүн

Орусияда Евгений Спирин 7 жылга кесилиши мүмкүн

2020-жылдын 14-июлунда Иванов облусунун Фурманов шаардык соту Евгений Спириндин иши боюнча чечимин жарыялашы мүмкүн. Айыптоочу анын 7 жылга түрмөгө кесилишин талап кылууда.

34 жаштагы Евгений бир тууганга «экстремисттик» уюмдун ишмердүүлүгүн жүргүздү деген айып коюлуп жатат. Бул иш аймактык Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) тергөөчүсү тарабынан 2019-жылдын 21-январында козголгон. 6 күндөн кийин ФККнын өкүлдөрү Евгений менен жубайы Натальянын үйүн тинтишкен. Жахабанын Күбөсү болгону үчүн эле Иванов облусунун Октябрь райондук сотунун чечими менен Спирин Евгений 2 айга убактылуу камоо жайына камалган. Андан кийин ал мөөнөт узартылган.

2019-жылдын 5-июлунда, 160 күн убактылуу камоо жайында өткөргөндөн кийин, Спириндин бөгөт коюу чарасы үй камагына алмаштырылган. Ал эми 2019-жылдын 18-декабрында тергөөчүнүн каршы болгонуна карабай Иванов облусунун Октябрь райондук соту ал бөгөт коюу чарасын алып салып, эч кандай кошумча чектөөлөрдү койгон жок.

Орусияда ишеними үчүн куугунтукталган бир туугандарыбыз үчүн тиленгенибизди уланта беребиз. Асмандагы мээримдүү Жахаба Атабыздын аларды колдой береринен эч шектенбейбиз (1 Петир 4:14).