Мазмунун көрсөтүү

Бир тууганыбыздын үйүн тинтигени келген жергиликтүү полиция кызматы менен Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) (Нижний Новгород, 2019-жыл)

15-ИЮЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусияда бир туугандарыбызга каршы эң ири жапырт рейд жүргүзүлдү

Орусияда бир туугандарыбызга каршы эң ири жапырт рейд жүргүзүлдү

Расмий пресс-релизге ылайык, 2020-жылдын 13-июлунда Воронеж облусунун куралданган коопсуздук кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн 110 үйүн тинтишти. 2017-жылдан бери бул бир күндүн ичинде жүргүзүлгөн эң ири рейд болду. Александр Боков менен Дмитрий Катыров деген эки бир тууганыбыз телефондорунун коддорун айткандан баш тарткандыктан мазакталып, ур-токмокко алынышты.

Бул жапырт рейд Воронеждеги Ленин райондук сотунун чечими менен өткөрүлдү. Коопсуздук кызматкерлери бүтүндөй облус боюнча, бери дегенде, жети чоң шаар менен айылда тинтүү иштерин жүргүзүштү. Ишенимдештерибиздин бир нечеси Тергөө комитети жайгашкан имаратка жеткирилип, суракка алынышты.

Эртеси күнү, 2020-жылдын 14-июлунда, Ленин райондук сотунун чечими менен төмөнкү он бир тууганыбыз 2020-жылдын 3-сентябрына чейин камакка алынды: 44 жаштагы Антюхин Алексей, 47 жаштагы Баев Сергей, 44 жаштагы Галка Юрий, 56 жаштагы Гурский Валерий, 41 жаштагы Неруша Виталий, 24 жаштагы Панкратов Степан, 54 жаштагы Попов Игорь, 44 жаштагы Соколов Евгений, 51 жаштагы Веселов Михаил, 51 жаштагы Ягупов Анатолий.

Жогоруда сөз кылынган пресс-релизде 110 үйгө рейд жасалды деп маалымдалганы менен азыркы тапка чейин Жахабанын Күбөлөрүнүн ичинен 100 үй-бүлө үйлөрү менен менчик мүлкү тинтилгенин бышыктады. Бул сан жогорулашы ыктымал. Рейд учурунда бир туугандарыбыздын телефон, компьютерлери тартылып алынгандыктан азырынча баары менен байланышуу кыйын болуп жатат.

Буга чейин бир күндө эң чоң рейд 2020-жылдын 10-февралында өткөрүлгөн. Анда Байкал көлүнүн чыгышындагы аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн 50 үйү тинтилген. 2017-жылы Жогорку сот чыгарган чечимден кийин Орусияда 1 000ден ашуун ишенимдешибиздин үйү тинтилди.

Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды билгендиктен биз Орусия жана башка жерлердеги бир туугандарыбыздын ушундай катуу куугунтукка алынып жатканына таң калган жокпуз. Алар үчүн тынымсыз тиленгенибизди токтотпойбуз. Жахаба Атабыз аларга ишенимдүү бойдон калганга ыйык руху менен сөзсүз жардам берет (1 Петир 4:12—14, 19).