Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 1-АПРЕЛЬ
ОРУСИЯ

Орусияда дагы бир Жахабанын Күбөсү айыптуу деп табылды

Орусияда дагы бир Жахабанын Күбөсү айыптуу деп табылды

Деннис Кристенсенди 6 жылга түрмөгө кескен Орусиянын соту 2019-жылдын 1-апрелинде 56 жаштагы Сергей Скрынников деген Жахабанын Күбөсүн Кудайга ишенгени үчүн айыптуу деп тапты. Сот аны 5 348 доллар 00 цент (350 000 рубль; 4 756, 95 евро) айып пул төлөөгө милдеттендирди. Айыптоочу тарап аны үч жылга камоону өтүнсө да, сот аны түрмөгө кескен жок.

Сергей Скрынников менен жубайы Нинанын бир кызы бар. Алар кызы менен күйөө баласына жардам берип, беш небересине каралашып турушат. Андан тышкары, Нинанын улгайган ата-энесине, негизинен, экөө кам көрөт.

Сотто Сергей бир тууган урмат-сый менен жылуу-жумшак сүйлөп, Кудайга болгон ишенимин коргоду. Ал мындай деди: «Учурдагы жагдайга Кудайга ишенбегендердин көз карашы менен карасаңар, көңүлүңөр чөгүшү мүмкүн... Бирок мен Жахабанын Күбөсү катары бул жагдайга ишеним көзү менен карайм. Эгер Кудай менин айыптуу деп табылып, үч жылга түрмөгө кесилишиме жол берсе, муну жаза мөөнөтү катары эмес, жаңы аймакта кызмат кылууга шарт түзгөн өзгөчө дайындоо катары кабыл алам. Ошондуктан эч кайгырбайм... Кудай бирөө эле жана боштондукта жүрөбүзбү же түрмөдөбү, ал ошол эле бойдон калат. Ал бизди такыр таштабайт. Эгер ага берилгендигибизди сактасак, каякта болбойлу, биз менен болот».

Сергей Скрынников сыяктуу ишеними күчтүү бир туугандарыбызды көргөндө абдан кайраттанабыз. Алардын канчалык оор сыноолорго кабылып жатканы жөнүндө ойлонгонубузда элчи Пабылдын сөздөрүнө кошулабыз. Ал: «Ыйык рухтун күчү менен үмүткө бай болушуңар үчүн, үмүттүн булагы болгон Кудай ага болгон ишенимиңер аркылуу силерди зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөсүн»,— деген (Римдиктер 15:13).