Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Юлия Мирецкая, Ельвира Гридасова, Евгения Лагунова, Татьяна Буденчюк, Надежда Герман Оренбургдагы түрмөнүн сыртында, 2020-жылдын февраль айы

23-ИЮНЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусияда камакта отурган ишенимдештерибиздин жубайлары кыйын кезеңде Жахабага ишеним артып жатышат

Орусияда камакта отурган ишенимдештерибиздин жубайлары кыйын кезеңде Жахабага ишеним артып жатышат

Орусияда көптөгөн ишенимдештерибиз Кудайга ишенгени үчүн камакта отурушат. Бул оңой эмес. Бирок алардын бала-чакасына, аялдарына андан бетер оор болуп жатат. Балдар атасынан, аялдары күйөөлөрүнөн ажыратылганы аз келгенсип, дагы башка кыйынчылыктарды баштан кечирип жатышат. Түрмөгө камалган 10 ишенимдешибиздин жубайлары Орусия өкмөтүнө кат жазышкан. Катта өздөрүнүн ал-акыбалын ачык түшүндүрүп, сезимдерин так-айкын билдиришкен. Анда мындай деп жазылган: «Бул катты айлабыз кеткендиктен жазып жатабыз. Жаныбыздай жакшы көргөн адамдарыбыз биз менен: жубайлары, балдары, достору менен Ыйык Китепти окуганы үчүн жана Кудайдан тиленгени үчүн эле түрмөгө камалды».

Ал ишенимдештерибиздин айрымдары кандай кыйынчылыктар менен алпурушуп жатканын, Жахаба аларга андай кыйынчылыктарга чыдаганга кантип жардам берип жатканын айтып беришти.

Байланышуу, түрөмгө баруу менен коштолгон кыйынчылыктар

Техникалык кыйынчылыктардан улам ишенимдештерибиз күйөөлөрү менен телефон аркылуу байланыша албай кыйналышат. Андан тышкары, жазган каттары, эгер жетип жаткан болсо, түрмөгө көп убакыттан кийин гана жетет.

Евгения Лагунованын жолдошу Феликс Махаммадиев эки жылдан ашуун убакытка кесилген. Ал күйөөсүнөн көп убакыт бою кабар ала албай калган күндөрү болгон. Ал-жайын биле албагандыктан Евгенияга бир топ эле оор болгон. Ал эле эмес, жолдошум жазган каттарымды ала албай өзүн унутта калгандай сезип жаткан жок болду бекен деп сарсанаа болгон.

Камалган ишенимдештерибиздин жубайларына түрмөгө жетиш үчүн узак жолду басып өткөнгө туура келет. («Түрмөгө чейинки аралык» деген таблицаны карагыла.) Алсак, Евгения: «Жолдошума жетиш үчүн машине менен 800дөн ашуун чакырым жол жүрүүгө туура келет»,— дейт. Орто эсеп менен алганда, жолдошуна барып, кайра үйүнө кайтып келгенге 3, 4 күн кетет. Башка ишенимдештерибиз болсо 1 000 чакырымга чейин жол жүрүшөт. Узак жолду басып өткөнү аз келгенсип, түрмөгө жеткенден кийин узун кезекке турушат.

Иринанын күйөөсү Деннис Кристенсен Орусияда 2017-жылы ишибизге тыюу салынганда эң биринчилерден болуп камакка алынган. Ирина өзү жашаган Орёл шаарынан күйөөсү түрмөгө камалган Льгов шаарына дайыма барып турат. Жолдун алыстыгы 200 километр. Ал мындай деп бөлүшөт: «Түрмөгө барып келгенче эсим ооп чарчап калам. Жан дүйнөм да кыйналып кетет. Ал жакка жетиш үчүн үйдөн таңкы 3:30да чыгам. Түрмөгө эртең мененки 8:00гө барып калышым керек. Себеби зарыл документтерди толтурам. Анан жолдошум менен көрүшкөнгө чейин машинемде саат 11:00гө чейин күтөм». Ушундай кыйынчылыктар менен Ирина кантип күрөшүп жатат? Ал бул суроого мындай деп жооп берди: «Жахабадан жардам сурап аябай көп тиленем. Мени, башка ишенимдештеримди, түрмөдө отургандарды, дүйнө жүзүндөгү боордошторубузду колдоп күч беришин сурайм».

Жалгыздык

Надежда Герман деген ишенимдешибиздин жолдошу Геннадийден ажыратылганына эки жылдан ашты. Күйөөсү түрмөгө камалган башка ишенимдештериндей эле, анын да жалгызсыраган күндөрү болот. Ошентсе да ал мындай дейт: «Жыйналышымдагылар үй-бүлөмдөй эле болуп калышты. Алар мени сүйүүсүнө бөлөп, мага да, жолдошума да кам көрүп келатышат».

Геннадий менен бирге түрмөдө отурган Алексейдин келинчеги Юлия Мирецкая болсо мындай деп бөлүштү: «Ишенимдештерим үй жумуштарына кол кабыш кылып турушат. Таяна ала турган, жардамга келгенге даяр досторумдун бар экени мени кадимкидей сооротот».

Балдарды жалгыз чоңойтуп-өстүрүү

Жолдошу Алексей 2019-жылы сентябрда камакка алынгандан бери Татьяна Буденчюк эки баласын жалгыз тарбиялап жатат. Ал: «Балдарым Жахаба берип жаткан жакшы нерселерге, анын бизди колдоп жатканына көңүл топтогонго аракет кылышат. Алар бул кыйынчылыктардын баары артта каларын, азыр Жахабага ишеним артып, ага берилгендик сактаганыбыз маанилүү экенин түшүнүшөт»,— дейт.

2020-жылдын мартында 6 жылга кесилген Сергей Филатовдун жубайы да төрт баласын жалгыз чоңойтуп жатат. Балдары тууралуу ал мындай дейт: «Атасын сагынып куса болуп жатышат. Атам кандай жүрөт болду экен деп сарсанаа да болушат. Ошол жөнүндө Жахабага айтып, тиленип турушат. Кичүү кызым атасына кат жазып, биздин жакшы жатканыбызды, бизди ойлоп санаа тартпай эле коюшун айтып турат. Бирок жолдошум азыр жаныбызда болсо сонун болмок».

Бул үй-бүлөлөр Ыйык Китептеги кеңешке ылайык иш кылып, жөнөкөй жашаганга аракет кылып жатышат. Мисалы, Наталья мындай дейт: «Чөнтөгүбүздө болгонуна жараша жашаганды, кереги жок нерселерди сатып ала бербегенди үйрөндүк. Акчабыз кем-карчыбызды жапканга, дагы башка нерселерди сатып алганга жетип жатат».

Ишенимин бекем сактаганга аракет кылып жатышат

Ушундай оор кыйынчылыктарга туш болуп жатса да, бир туугандарыбыз Жахабага сыйынуу менен байланышкан иштерди кылып, ишенимин бекем сактап жатышат. Юлия: «Жаңы чыккан адабияттарды калтырбай окуганга аракет кылам. Эки киши үчүн изилдөө жүргүзөм десем болот. Анткени окугандарымды эстеп, негизги ойлорду Алексей менен да бөлүшүп турам»,— дейт. Ал эми Надежда: «Жахаба чече албай турган бир да кыйынчылык жок! Жахаба менен күнү-түнү сүйлөшүп, мамилемди чыңдап турам. Өзүмдү Кудурети күчтүү асмандагы Атабыздын кучагындагы кичинекей кыздай эле сезем. Ошондой эле башкаларга жардам бергенимде өзүм да кайраттанып калам»,— деп бөлүштү.

Наталья болсо мындай дейт: «Бир жолу бир ишенимдешимдин: „Кудайдын элинин арасында сооротушубузга муктаж болбогон жан жок. Ошол эле учурда аны соорото албаган бир да киши жок, бул баарыбыздын колубуздан келет“,— дегени эсимде. Кимдир бирөөнү жубатып, кайраттандырганымда кадимкидей канат байлап калам». Ал: «Албетте, жолдошум жанымда болбогондуктан жан дүйнөм кыйналып, чарчап-чаалыккан учурларым болот. Бул оңой эмес. Бирок ушундан улам өзүмдү бир байкуш сезип, кайгыга чөгүп кетпегенге аракет кылам. Шайтанга көңүлүмдү чөгөрүшүнө такыр жол бергим келбейт!» — дейт.

Ооба, Орусияда же дагы башка өлкөлөрдө жакындары түрмөгө камалган бир туугандарыбыздын үй-бүлө мүчөлөрү кайратынан жазбай, туруктуулук сактап келатышат. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү боордошторубуз андай ишенимдештерибизди жогору баалайт. Кымбаттуу ал бир туугандарыбызды Жахаба да баалайт. Алар тууралуу Жахаба: «Сен менин көз алдымда баалуусуң»,— деп айтат (Ышая 43:4а).