Мазмунун көрсөтүү

Шарттуу соттолгон 80ден ашуун ишенимдешибиздин үчөө

14-ОКТЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусияда 80ден ашык ишенимдешибиз шарттуу соттолду. Алардын жагдайы кандай?

Орусияда 80ден ашык ишенимдешибиз шарттуу соттолду. Алардын жагдайы кандай?

2017-жылдын апрелинде Орусиянын өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салган. Ошондон тартып 500дөн ашуун бир тууганыбызды кармап, «экстремист» деген айып тагышкан. Алардын 40тайы түрмөгө кесилип, дагы 15ине айып пул салынган. Ал эми 80ден ашууну шарттуу соттолгон. Азырынча түрмөгө камалбаса да, аларга адилетсиз өкүм чыгарылды жана ошонун кесепетин тартып жатышат.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, сот түрмөгө кескендин ордуна, шарттуу соттоого укуктуу. Эгер ошондой чечим кабыл алынса, сот шарттуу жаза мөөнөтүн белгилеп, айрым шарттарды коюп, чектөөлөрдү киргизет. Ал эми шарттар бузулса, сот айыптуу деп табылган адамды шарттуу жазанын мөөнөтүнө жараша абакка жөнөтүүгө укуктуу.

Шарттуу соттолгондун кандай кыйынчылыктары бар? Жахаба ушундай кыйынчылыкка кабылган бир туугандарыбызга кантип жардам берип жатат? Биз эки жылдан алты жылга чейин шарттуу соттолгон айрым ишенимдештерибиз менен маек курдук. Алар кабылган кыйынчылыктары жана Жахаба аларды кантип колдоп жатканы жөнүндө айтып беришти.

Шарттуу соттолгондордун жашоосу тууралуу билгенибиз алар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн мурдагыдан да жалындуу тиленүүгө түрткү берди. Алардын башынан өткөндөр Жахабанын мындай тиленүүлөргө жооп берерин жана кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, берилген кызматчыларын таштабай турганын дагы бир жолу далилдеп турат (2 Корунттуктар 1:3,4).