Мазмунун көрсөтүү

Орусиянын Жогорку сотунун имараты

25-НОЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын Жогорку сотунун чечими. Ал Жахабанын Күбөлөрү үчүн эмнени билдириши мүмкүн?

Орусиянын Жогорку сотунун чечими. Ал Жахабанын Күбөлөрү үчүн эмнени билдириши мүмкүн?

2021-жылдын 28-октябрында Орусиянын Жогорку Соту экстремисттик иш-чараларга карата токтомго өзгөрүүлөрдү киргизди. Ал өзгөрүүгө ылайык, жалгыз же топ болуп сыйынуу мындан ары тыюу салынган диний уюмдун иш-чараларына катышуу катары каралбашы керек. Бирок Пленумдун токтомунан кийин Жахабанын Күбөлөрүнө каршы уюштурулган куугунтук токтогон жок. Себеби Орусиянын бийлик башындагылары бул өзгөрүүнү ар кандайча чечмелеп келишет.

Мисалы, 28-октябрда токтом кабыл алынгандан бери бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнүн, бери дегенде, 13 үйүн тинтишкен. Ошондой эле Ирина Лохвицкаянын доо арызын канааттандыруудан баш тартышкан жана 80 жаштагы Елена Савельеваны айыптуу деп табышкан. Бирок 2021-жылдын 22-ноябрында Владивостоктун соту Дмитрий Бармакинди күнөөсүз деп таап, ага коюлган айыпты жокко чыгарганы көңүлгө аларлык.

Бул чечим куугунтуктун азайышына же тескерисинче, ишенимдештерибиздин мурункудан да узак убакка түрмөгө камалышына алып келеби, билбейбиз. Эмнеси болсо да, Жахабанын Орусиядагы ишенимдештерибизге чындап эркин боло турган убак келгенге чейин бардык кыйынчылыктарга кубаныч менен чыдаганга жардам берерине толук ишенебиз (Забур 146:3—5).