Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Александр Пряников, Венера Дулова жана анын кызы Дарья Дулова, соттолгонго чейин

24-ЯНВАРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын Карпинск шаарында үч Жахабанын Күбөсүнүн иши каралат

Орусиянын Карпинск шаарында үч Жахабанын Күбөсүнүн иши каралат

2020-жылдын 27-январында, дүйшөмбү күнү Карпинск шаардык сотунда Венера менен Дарья Дулованын жана Александр Пряниковдун ишине байланыштуу чечим чыгарылат. Айыптоочу Александр менен Венераны үч жылга, Дарьяны болсо эки жылга шарттуу соттоону талап кылууда.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 19-апрелинде Александр Пряников менен Венера Дулова бир киши менен Ыйык Китеп тууралуу сүйлөшүшкөн. Ал кишинин тууганы Александр менен Венераны уурулар деп айыптап, полиция чакырган. Полиция ал экөөнү участокко алып кеткен. Ал алардын манжа изин алып, адабияттарын тартып алган.

Эки жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин ошол окуянын негизинде аларды кайрадан участокко алып барып, суракка алышкан. Алардын телефондорун жана жеке документтерин алып алышкан. Полициянын чоңу теология боюнча бир доцентти Александр менен Венеранын телефондорундагы маалыматты текшерүүгө дайындаган. Доцент 15 беттүү отчётунда алардын телефондорунда Жахабанын Күбөлөрүнүн окуулары камтылат деп жыйынтык чыгарган. Айыптоочунун Александр менен Венерага каршы кылмыш ишин козгошуна көбүнесе ошол себеп болгон. Андан соң Карпинск шаардык соту полиция кызматкерлерине алардын үйүн тинтүүгө укук берген.

Алар Венера Дулованын үйүн тинтигенден кийин электрондук каражаттарын, китептерин, сүрөттөрүн алып кетишкен. Венеранын 18 жаштагы кызы Дарьяны да суракка алышкан. Полиция кызматкерлери андан кийин Венеранын туугандарынын, ошондой эле Александрдын үйүн да тинтишкен.

2019-жылдын 16-апрелинде эртең менен Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) үч кызматкери, бир тергөөчү жана эки полиция кызматкери Александр Пряниковдун үйүн дагы бир жолу тинтишкен. Алар анын электрондук каражаттарын, жеке буюм-тайымдарын тартып алышкан.

2019-жылдын 23-июлунда Дарья Дулова сурак берүүгө чакырылган. Себеби ал апасына жана Александр Пряниковго каршы козголгон кылмыш ишине катыштыгы бар деп шектелген. Ошентип, үчөө тең айыптуу деп табылып, 2019-жылдын сентябрында ишти алдын ала угуу боюнча сот отурумдары өткөрүлө баштаган.

Кылмыш иши козголгон же түрмөгө камалган 300гө жакын Орусиядагы ишенимдешибиз, анын ичинде ушул бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз. Биз Кудайдан: «Ыйык рухтун күчү менен үмүткө бай болушуңар үчүн, үмүттүн булагы болгон Кудай ага болгон ишенимиңер аркылуу силерди зор кубаныч менен тынчтыкка бөлөсүн»,— деп бекем ишеним менен суранабыз (Римдиктер 15:13).