Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Алексей Буденчук, Константин Баженов, Феликс Махаммадиев, Алексей Мирецкий, Роман Гридасов жана Геннадий Герман

17-ФЕВРАЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын Оренбург шаарындагы түрмө сакчылары беш ишенимдешибизди ур-токмокко алышты

Орусиянын Оренбург шаарындагы түрмө сакчылары беш ишенимдешибизди ур-токмокко алышты

2020-жылдын 6-февралында Орусиянын Оренбург шаарындагы № 1 түзөтүү абагынын түрмө сакчылары беш ишенимдешибизди: Алексей Буденчукту, Геннадий Германды, Роман Гридасовду, Феликс Махаммадиевди жана Алексей Мирецкийди дубинка менен катуу сабашкан. Феликс бир тууганыбыздын кабыргасы сынып, өпкөсү менен бөйрөгү катуу жабыркагандыктан, ооруканага жаткырылган. Ал эми Алексей Буденчук, Геннадий Герман, Роман Гридасов жана Алексей Мирецкийлер ур-токмокко алынгандан кийин жалган жалаанын, анын ичинде чылым чегишти деген жалаанын негизинде жаза жайына камалган. Бирок Жахабанын Күбөлөрү чылым чегишпейт.

Эске сала кетсек, 2019-жылы, 19-сентябрда Саратовдун Ленин райондук сотунун судьясы Дмитрий Ларин алты ишенимдешибизди, анын ичинде Константин Баженовду эки жылдан үч жарым жылга чейин түрмөгө камалсын деген чечим чыгарган. Ал эми 2019-жылдын 20-декабрында Саратовдун облустук соту алардын доо-арызын четке каккан. Бир нече жумадан кийин алты бир тууганыбыз тең түрмөгө которулган. Константин Баженовду Ульяновск облусундагы № 3 түзөтүү абагына камашкан. Ошондуктан ал № 1 түзөтүү абагындагы ур-токмокко алынгандардын арасында болгон эмес.

2020-жылдын 6-февралында беш ишенимдешибиз № 1 түзөтүү абагына келери менен сабалышкан. Эртеси күнү Феликс бир тууганыбыздын эти ысып, заарасы кан аралаш чыга баштаган. Ошого чейин аларга эч кандай медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Түрмө жетекчилери Феликс Махаммадиевди «дааратканадан тайгаланып, кулап түштүм» деп жазууга мажбурлашкан. Ал кол койгондон кийин гана тез жардам чакырышкан. Аны ооруканага жаткырып, ага шашылыш түрдө операция жасашкан. Толуп калган сууну чыгарыш үчүн өпкөсүнө түтүкчө салып коюшкан. Андан тышкары, анализдерден Феликстин организми ачкачылыктан өтө алсырап калганы аныкталган. Ал ичегинин глютенди сиңирбей турган оорусуна байланыштуу мүнөздөп тамактанчу. Ал эми анын мүнөз тамагын түрмө сакчылары тартып алышкан.

Орусиядагы боордошторубуз ушундай адилетсиздикке, жан чыдагыс азаптарга кабылганына кабыргабыз кайышып жатат. Ошентсе да биз Жахабанын аларды туруктуу, ишенимдүү бойдон калыш үчүн колдой берерине бекем ишенебиз (Филипиликтер 1:27, 28).