Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 6-ФЕВРАЛЬ
ОРУСИЯ

Орусиянын Соту Деннис Кристенсенди күнөөлүү деп таап, алты жылга түрмөгө кести

Орусиянын Соту Деннис Кристенсенди күнөөлүү деп таап, алты жылга түрмөгө кести

2019-жылдын 6-февралында Орусиянын соту «экстремисттик уюмдун иштерин уюштурган» деген айып коюлган Деннис Кристенсенди күнөөлүү деп жарыялады. Деннис Кристенсен алты жылга түрмөгө кесилди. Буга чейин эле эл аралык уюмдардын көңүлүн бурган бул адилетсиз чечимге макул эместигибизди билдирип, доо арыз менен кайрылабыз.

Биз Деннис Кристенсен менен анын жубайы Ирина жана Орусиядагы дагы башка көптөгөн ишенимдештерибиз мындан ары да тынчсызданбай, Жахаба Кудайыбызга таяна беришин сурап тиленип турабыз (Ышая 30:15).