Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 21-ФЕВРАЛЬ
ОРУСИЯ

Орусиянын Сургут шаарындагы Жахабанын Күбөлөрү кыйноого алынды

Орусиянын Сургут шаарындагы Жахабанын Күбөлөрү кыйноого алынды

Орусия соту Деннис Кристенсенге карата адилетсиз чечим чыгаргандан 9 эле күн өткөндөн кийин Сибирдин батыш жагынан орун алган Сургут шаарындагы, бери дегенде, 7 Жахабанын Күбөсүн тергөө учурунда кыйноого алышкан. Аларды токко тарттырып, тумчуктуруп, сабашкан. Тергөөчүлөр бир туугандарыбыздан жыйналыш жолугушууларыбыздын кайсы жерде өтөрүн жана башка Жахабанын Күбөлөрүнүн аты-жөнүн айтып беришин талап кылышкан.

Бийликтегилер Кудайга ишенген адамдардын үйүнө 2019-жылдын 15-февралында таңга маал рейд жүргүзүшкөн. Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдарын Тергөө комитетине алып барып, суракка алышкан. Тергөө учурунда алардан ишенимдештери тууралуу маалымат берүүнү талап кылышкан. Ал бир туугандарыбыз андай маалымат берүүдөн баш тартышкан. Жактоочу кетери менен бир туугандарыбыздын колун артына байлап, сабашкан. Жылаңачтап чечинтип, үстүнө суу куюп, электрошокер менен токко тарттырышкан. Бир туугандарыбызды ушинтип мыкаачылык менен 2 сааттай кыйнашкан.

Учурда, бери дегенде, үч бир тууганыбыз тергөө камак жайында отурат. Чыгарылгандары болсо алган жаракаттарын көрсөтүп, доктурга кайрылышты. Ошондой эле көзөмөлгө алуучу органдарга арыз менен кайрылышты.

Андан тышкары, рейд жүргүзүлгөндөн кийин Орусиянын бийлик өкүлдөрү жалпысынан 19 Жахабанын Күбөсүнө «экстремисттик ишке аралашкан» жана «экстремисттик уюмдун ишин уюштурган» деген жалган айып коюп, аларга каршы кылмыш ишин козгогон.

Бийликтегилердин мыкаачылык менен коштолгон бул иш-аракети, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмышка жатат. Мындан сырткары, Орусия Федерациясы ар бир адамды кыйноодон коргоого байланыштуу эл аралык уюмдар негиздеген мыйзамдарга баш ийүүгө милдеттенме алган болчу. Ошондуктан биз мындай адилетсиздикке каршы чара көрүшүн суранып, өлкөдөгү жана эл аралык укук коргоо органдарынын баарына кайрылабыз.

Жахаба Кудайыбыздын Орусиядагы бир туугандарыбыздын куугунтукталып жатканын көрүп турганына жана аларга жардам берип, куткарарына бекем ишенебиз (Забур 70:5).