Мазмунун көрсөтүү

Вадим Куценко жубайы Екатерина менен (2018-жыл)

18-ФЕВРАЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын Чита шаарында полиция кызматкерлери Вадим Куценкону уруп-сабашты

Орусиянын Чита шаарында полиция кызматкерлери Вадим Куценкону уруп-сабашты

2020-жылдын 10-февралында, кечке маал полиция кызматкерлери Вадим Куценкону кармап кетишкен. Алар аны башка ишенимдештери тууралуу маалымат беришин талап кылып, кайра-кайра сабашкан, муунтушкан жана электрошокер менен ичин, бутун токко тарттырышкан.

Ошол эле күнү эртең менен Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Читадагы 40ка жакын Жахабанын Күбөсүнүн үйүн, анын ичинде Вадимдин үйүн тинтишкен. Андан кийин түнкү саат 23:00дө полициянын кызматкерлери Вадим Куценкону кайненесинин үйүнөн кармап кетишкен. Алар анын колун кишендеп, башын чүмкөп жакын жердеги токойго алып барышкан. Ал жактан аны башка Жахабанын Күбөлөрү тууралуу маалымат берүүгө мажбурлап, кыйнашкан. Бирок Вадим бир тууганыбыз аларга эч кандай маалымат бербей койгондуктан, полиция кызматкерлери аны андан ары суракка алыш үчүн кеңсесине алып кетишкен.

Аны убактылуу тергөө камак жайына камап коюшкан. Ал жакта Читада андан кийин жүргүзүлгөн рейд учурунда кармалган башка үч ишенимдеши бар болчу. Алар — Павел Мамалимов, Сергей Кирилюк жана Владимир Ермолаев.

Эки күндөн кийин Ингодинскиий райондук соту Вадим Куценкону, Сергей Кирилюкту жана Павел Мамалимовду 72 саатка убактылуу тергөө камак жайына камоону чечкен. Ал эми Владимир Ермолаев үй камагына бошотулган.

15-февралда тергөөчү, Вадим Куценко менен эки ишенимдешибизге каршы кылмыш ишин козгоого жетиштүү далили жок болгондуктан, аларды сот отурумун күтпөй эле жана аларга эч кандай чектөөлөрдү койбой эле бошоткон.

Биз Орусиядагы ал бир туугандарыбыздын мындан ары да «кайраттуу, бекем болуп», Жахабанын аларды ушул кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам береринен шектенбешин сурап тилене беребиз (Жашыя 1:7, 9).