Мазмунун көрсөтүү

29-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын апелляциялык соту 6 Жахабанын Күбөсүнө чыгарылган чечимди күчүндө калтырды

Орусиянын апелляциялык соту 6 Жахабанын Күбөсүнө чыгарылган чечимди күчүндө калтырды

2021-жылдын 29-январында Ульянов облустук соту Мысин Сергей менен жубайы Натальяга, Табаков Андрейге, Хачикян Хоренге, Зеленский Михаилге жана Ганин Александрга 2020-жылдын октябрында чыгарылган чечимди күчүндө калтырды. Сот Сергей Мысинден башкасынын баарынын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Ал эми Сергейдин жаза мөөнөтү 6 айга узартылды. Ошентип, ал баш-аягы 4 жыл 6 айга шартуу соттолду. Алардын баары азырынча түрмөгө камалбайт.