Мазмунун көрсөтүү

Орусиядагы Калуга облустук соту

16-ОКТЯБРЬ, 2019
ОРУСИЯ

Орусиянын аппеляциялык соту Дмитрий Кузиндин ишине байланыштуу чыгарылган чечимди мыйзамсыз деп тапты

Орусиянын аппеляциялык соту Дмитрий Кузиндин ишине байланыштуу чыгарылган чечимди мыйзамсыз деп тапты

2019-жылдын 9-сентябрында Калуга облустук сотунун судьясы Прокофьева Светлана Анатольевна төмөнкү баскычтагы соттун, Калуга райондук сотунун, Дмитрий Кузиндин тергөө камак жайына камалышына байланыштуу чечими мыйзамга каршы келерин жарыялады.

Светлана Анатольевнанын бул чечими өзгөчө көңүлгө аларлык болду, себеби буга чейин Орусиядагы кайсы бир Жахабанын Күбөсүнө каршы козголгон кылмыш ишинин адилетсиз болгону айтылган чечим чыга элек болчу. Судья райондук сотту бир нече жолу мыйзам бузганы үчүн айыптады. Алсак, райондук сот Дмитрий Кузинди диний ишеними үчүн басынткан жана өзүн тийиштүү түрдө коргоого мүмкүнчүлүк берген эмес. Судья Светлана Анатольевна чечиминде белгилегендей, «[райондук соттун] төрагалык кылуучу судьясы ишти кароодо калыс болгон эмес».

Дмитрий Кузин жубайы Светлана менен 2013-жылы баш кошкон күнүндө

Эске сала турган болсок, Дмитрийди 2019-жылдын 26-июнунда Калугадагы Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкерлери үйүн тинткенден кийин кармап кетишкен. Ошондон эки күн өткөндөн кийин Калуга райондук соту аны убактылуу тергөө камак жайына камаган. 19-августта ал шаарга караштуу ФККнын сурак жүргүзгөн кызматкери райондук сот менен сүйлөшүп, Дмитрийдин мөөнөтүн дагы эки айга узартууну суранган. Сот анын суранычын орундаткан.

Ошол себептен Дмитрий Кузин судья Светлана Анатольевна төрагалык кылган облустук сотко доо-арыз менен кайрылган. Светлана Анатольевна төмөнкү баскычтагы сот Дмитрийдин ишин кароодо мыйзам бузган деп чечим чыгаргандыктан, анын иши кайра райондук сотко жөнөтүлгөн. Бирок башка судьянын төрагалык кылышы талап кылынган. Өкүнүчтүүсү, 23-сентябрда райондук сотто төрагалык кылуучу жаңы судьянын катышуусу менен Дмитрийдин иши кайрадан каралса да, анын мөөнөтү дагы эки айга узартылган.

Биз ишенимдүү, адилеттүү Кудайыбыз Жахабанын ага таянган Орусиядагы ишенимдештерибизге мындан ары да кам көрө береринен шектенбейбиз (Мыйзам 32:4, 9—11).