Мазмунун көрсөтүү

26-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын аппеляциялык соту Сергей менен Валерия Раймандардын мөөнөтүн кыскартты

Орусиянын аппеляциялык соту Сергей менен Валерия Раймандардын мөөнөтүн кыскартты

2021-жылы, 26-февралда Кострома облустук соту Сергей менен Валерия Раймандарга 2020-жылы, октябрь айында чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Ал өкүмгө ылайык, Сергей 8 жылга, Валерия 7 жылга шарттуу соттолгон. Аппеляциялык сот Сергейдин мөөнөтүн 8 жылдан 3 жылга, Валерияныкын 7 жылдан 2 жылга кыскартты. Алар азырынча түрмөгө камалышпайт.