Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Анатолий менен жубайы Грета жана Николай менен жубайы Лилия. Коопсуздук кызматкерлери кол салганга чейин

10-ОКТЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын полиция кызматкерлери жубайларды кордошту

Орусиянын полиция кызматкерлери жубайларды кордошту

2021-жылдын 4-октябрында, дүйшөмбү күнү, куралчан ОМОНдор a Анатолий менен Грета Раздобаровдорго жана Николай менен Лилия Мериновдорго катаал мамиле кылышты. Бул окуя коопсуздук кызматкерлери Иркутск шаарындагы 12 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкенде болгон. Тинтүү учурунда кызматкерлер бир нече ага-инибизди кармап кетишкен.

Таңкы саат 6:00дө офицерлер Анатолий менен Гретанын үйүнө күч колдонуп кирип барышкан. Алар Гретаны чачынан сүйрөп башка бөлмөгө киргизип, колдорун артына кишендеп, бир нече жолу кол көтөрүшкөн.

Ошол эле учурда Анатолийди көтөрүп чаап жерге жаткызып, колдорун артына кишендеп, ичке, башка тепкилешкен. Полиция кызматкерлери аны кишен салынган колдорунан кармап, өйдө тургузушкан. Денесинин салмагынан улам Анатолийдин ийиндери катуу ооруп, жаны сыздаган. Алар аны кылмышкер экенин моюнга алууга мажбурлап, ишенимдештери тууралуу маалымат беришин талап кылып, колго ургулашкан. Анан укук коргоо кызматкерлери Анатолийди зордуктап жаткандай кылып, айнек бөтөлкөнү жамбашына күч менен киргизүүгө аракет кылып мазакташкан. Алар Раздобаровдордун үйүн сегиз сааттан ашык убакыт тинтишкен.

Полиция кызматкерлери Николай менен Лилия Мериновдордун үйүнө күтүлбөгөн жерден кирип келип, Николайды оор, катуу нерсе менен бетке урушкан. Ал жерге жыгылып, эс-учун жоготкон. Эсине келсе, бир кызматкер анын үстүнө отуруп алып сабап жатыптыр. Ал Николайдын маңдайкы тиштерин сындырып салган. Лилияны чачынан сүйрөп төшөктөн тургузуп, колуна кишен салышкан. Ага ылайыктуу кийим кийгенге мүмкүнчүлүк бербей, зордук-зомбулук көрсөтүп, кордошкон.

Кызмат абалын кыянат колдонгондор, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жазаланууга тийиш. Андан сырткары, Орусия Федерециясы адамдарды зордук-зомбулуктан коргогон бир нече эл аралык уюмдун талабына баш ийүүгө милдеттүү. Ошондуктан жогорудагы жубайлар аларга каршы жасалган бул кылмыш үчүн ички жана эл аралык укук коргоо органдарына кайрылат.

Иркутск шаарындагы 12 ишенимдешибиздин үйү тинтилгенден жана жубайларга кол салынгандан кийинки күнү 300дөй бир тууганыбыз тергөө камак жайына камалышы мүмкүн болгон 6 ишенимдешине дем-күч бериш үчүн Иркутск шаарындагы Октябрь райондук сотуна барышкан

Тинтүүдөн эки күн өткөндөн кийин Ярослав Калин, Сергей Костеев, Николай Мартынов, Михаил Мойш, Алексей Солнечный жана Андрей Толмачевдор соттун чечими менен тергөө камак жайына камалышкан. 300дөй бир тууганыбыз ушундай адилетсиздикке дуушар болгон ишенимдештерине дем-күч бериш үчүн сотко барышкан.

Орусиядагы бардык сүйүктүү боордошторубузга Пабылдын тесалоникалыктарга жазган сөздөрүн айткыбыз келет. Ал мындай деген: «Башыңарга түшкөн кыйынчылыктарга, куугунтуктарга карабай туруктуу болуп, ишенимиңерди сактап келатканыңар үчүн, биз Кудайдын жыйналыштарында силер менен сыймыктанабыз» (2 Тесалоникалыктар 1:4).

a Орусия Федерациясынын Улуттук гвардиясынын өзгөчө кызмат аткарган бөлүгү