Мазмунун көрсөтүү

15-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Александр Ившиндин доо арызын канааттандыруудан баш тартты

Орусиянын соту Александр Ившиндин доо арызын канааттандыруудан баш тартты

2021-жылдын 15-апрелинде Краснодар крайынын соту Александр бир тууганыбызга чыгарылган чечимди күчүндө калтырды. Ал чечимге ылайык, Александр жети жарым жылга түрмөгө кесилген. Аны түрмөдө калтырышты. Бул — 2017-жылы Орусия ишибизге тыюу салгандан берки ишенимдештерибизге каршы чыгарылган эң катаал чечим.