Мазмунун көрсөтүү

Анна менен Александр Соловьёвдор

2019-ЖЫЛ, 5-ИЮЛЬ
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Александр Соловьёвду күнөөлүү деп тапты

Орусиянын соту Александр Соловьёвду күнөөлүү деп тапты

2019-жылдын 4-июлунда, бейшемби күнү, Орусиядагы Пермь шаарынын Орджоникидзевский райондук соту Александр Соловьёвду күнөөлүү деп таап, аны 300 000 рубль (4 731 АКШ доллары) айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Александр бир тууганды, аялы Анна экөө 2018-жылдын 22-майында үйүнө келатканда, темир жол станциясынан кармап кетишкен. Полиция кызматкерлери Александр Соловьёвдун колуна кишен салып, убактылуу тергөө камак жайына алып барышкан. Жубайын болсо башка машине менен алып кетишкен. Алар Соловьёвдордун үйүн түнү бою тинтип, сүрөттөрүн, электрондук каражаттарын, Ыйык Китептерин тартып алышкан.

Анна бир тууганды суракка алгандан кийин бошотуп жиберишкен. Ага каршы эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Ал эми Александр бир тууганга каршы кылмыш иши козголуп, 24-майда үй камагына алынган. Ал 2018-жылдын 19-ноябрына чейин үй камагында отурган. Сот ишин күтүп жаткан учурда бийликтегилер анын эркиндигин чектеп, иш-аракетин чектешкен.

Александр Соловьёвдун жактоочулары чыгарылган чечимге каршы доо-арыз менен кайрылат. Алар Бириккен Улуттар Уюмунун Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобуна да доо-арыз менен кайрылышкан.

Орусия сыяктуу өлкөлөрдө куугунтук кулач жайып жатса да, биз «каршы чыккандардан эч коркпойбуз». Жахабанын куткара турган улуу күнү келгенге чейин анын ар бирибизге зарыл нерселердин баарын бере береринен эч шектенбейбиз (Филипиликтер 1:28).