Мазмунун көрсөтүү

Орусиянын соту Алексей Мецгерди Кудайга ишенгени үчүн эле күнөөлүү деп таап, айып пул салды

21-НОЯБРЬ, 2019
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Алексей Мецгерди түрмөгө камоодон баш тартып, аны 350 000 рубль төлөөгө милдеттендирди

Орусиянын соту Алексей Мецгерди түрмөгө камоодон баш тартып, аны 350 000 рубль төлөөгө милдеттендирди

2019-жылдын 14-ноябрында Перьм шаарынын Орджоникидзе райондук соту Алексей Мецгерди күнөөлүү деп таап, аны 350 000 рубль (болжол менен 5 450 доллар) төлөөгө милдеттендирди. Ал Кудайга ишенгени жана Ыйык Китептен билген нерселери тууралуу башкаларга айтканы үчүн эле экстремисттик иштерди жүргүзүүдө деп айыпталган Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн он экинчиси. Алексейдин жактоочусу бул чечимге каршы доо-арыз менен тийиштүү сотко кайрылат.

2019-жылдын 25-апрелинде Алексейге Жахабанын Күбөсү болгону үчүн эле кылмыш иши козголгон. Ал дин жөнүндө сүйлөшкөнүнүн негизинде айыпталууда. Алексей менен сүйлөшкөндөр анын сөздөрүн билгизбей диктофонго жаздырып алышкан.

Сот иши 2019-жылдын 14-октябрында башталган. Шаардык прокурор соттон аны үч жылга камашын талап кылган. Сот анын өтүнүчүн орундатпаса да, Алексейди айыптуу деп тапкан. Бул бизди тынчсыздандырып жатат. Себеби ушунун негизинде башка ишенимдештерибиз да Кудайга ишенгени үчүн эле куугунтукталышы мүмкүн.

Ооба, Орусиядагы ишенимдештерибиз эч кандай себепсиз эле куугунтукталып жатат. Бирок биз Жахабанын аларды сооротуп-жубатарына, күч-кайрат берерине толук ишенебиз (Забур 119:76, 161).