Мазмунун көрсөтүү

26-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Алексей Мирецкийдин мөөнөтүнөн эрте бошотуу өтүнүчүн четке какты

Орусиянын соту Алексей Мирецкийдин мөөнөтүнөн эрте бошотуу өтүнүчүн четке какты

2021-жылдын 26-февралында Оренбург шаарынын борбордук райондук соту Алексей бир тууганыбыздын мөөнөтүнөн эрте бошотуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Ал — 2020-жылдын февралында түрмөдө ур-токмокко алынган 5 бир тууганыбыздын бири. Алексей мөөнөтүнүн жарымынан көбүн өтөп койду. Ал 2021-жылдын 8-майында бошотулат деп күтүлүүдө.