Мазмунун көрсөтүү

Анастасия Сычёва

22-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Анастасия Сычёваны диний жолугушууга катышканы үчүн соттоду

Орусиянын соту Анастасия Сычёваны диний жолугушууга катышканы үчүн соттоду

Өкүм

2021-жылдын 21-январында Еврей автономдук облусунун Облученск райондук соту Анастасия Сычёваны айыптуу деп тапты. Ал эки жылга шарттуу соттолду. Бирок азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Анастасия Сычёва

  • Туулган жылы: 1977 (Теплоозёрск, Еврей автономдук облусу)

  • Кыскача таржымалы: Төрт бир тууган. Бирок экөө кайтыш болуп калган. Медициналык коллежди бүтүргөн. Кесиби боюнча медайым. Стоматологияда, кийинчерээк психиатриялык ооруканада иштеген. Бир тууган эжеси каза болуп калгандан кийин, анын эки баласын асырап алган. Ошондой эле көптөн бери ооруп жүргөн апасына көзү өткөнгө чейин кам көргөн.

    Өспүрүм кезинде адамдардын эмне үчүн кыска эле өмүр сүрөрү жөнүндө көп ойлончу. Ошондон улам Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ошол китептен суроосуна канааттандырарлык жооп тапкан. 1994-жылы болсо чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон.

Иштин чоо-жайы

Орусиянын бийлик өкүлдөрү Анастасия бир тууганыбызды «экстремист» деп саналгандардын тизмесине 2019-жылдын октябрында киргизген. 2019-жылдын 25-сентябрында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына караштуу Тергөө бөлүмү Анастасияга каршы кылмыш ишин козгогон. Аны Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмунун иштерине катышканын атайын токтотпой жатат деп айыпташкан. Себеби ал ишенимдешибиз диний жолугушууларга катышып, өзү ишенген нерселерди башкалар менен бөлүшүп жүргөн.

Сот отурумунда айыптоочу Анастасиянын телефон менен сүйлөшүп жатканы жана жолугушууларга катышканы көрсөтүлгөн видеолорду, бирөөлөр менен сүйлөшкөн аудиожаздырууларды ойноткон. Анан бул анын «экстремисттик» иштерге катышып жатканын далилдеп турат деп айыптаган. Анастасия далил катары көрсөтүлүп жаткан жаздыруулар ойнотулганда, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кабар айткан. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларынан адамдар боорукер, чыдамдуу болууга, Кудайга жаккан дагы башка сапаттарды өрчүтүүгө үйрөнөрүн түшүндүргөн.

Сотто айткан акыркы сөзүндө ал ишенимдешибиз Ыйык Китепте жазылгандар анын жашоосун кантип өзгөрткөнүн да айтып берген. Ал мындай деген: «Бүгүн мен Кудайга ишенгеним үчүн, диний иштерге катышканым үчүн, тагыраак айтканда, Ыйык Китепти окуганым, досторум менен бирге Ыйык Жазманы талкуулаш үчүн чогулганым, Жахабаны даңктаган ырларды ырдаганым жана андан тиленгеним үчүн соттолуп жатам.

Бирок мен Еврейлерге жазылган каттын 10-бөлүмүнүн 24, 25-аяттарындагы буйрукка кантип баш ийбей коём? Ал жерде: „Ошондой эле сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли“,— деп айтылган. Эгер досторум менен — ишенимдештерим менен — чогулуп, Ыйык Китепти окуганга, бири-бирибизди бекемдегенге, бири-бирибизге боорукердик менен мамиле кылганга Эң Жогорку Кудай Жахаба өзү үндөп жатса, кантип мен анын тилин албай коё алам? Мен аны аябай жакшы көрөм, терең урматтайм жана ага сыйынам».

Анастасия бир тууганыбыздын Кудайга болгон ишенимин тайманбастык менен коргоп, өзүнүн бекем, кайраттуу экенин көрсөткөнүнө аябай сүйүнүп жатабыз. Ал кубанычын жоготпой, ишенимин сынаган бул кыйынчылыкты туруктуулук менен көтөрүп кетсе экен деп Жахабадан тиленип турабыз (Жакып 1:2, 3).