Мазмунун көрсөтүү

Анатолий Токарев сот залынын сыртында (август, 2020)

23-ОКТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Анатолий Токаревге айып пул салды

Орусиянын соту Анатолий Токаревге айып пул салды

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын Кассациялык соту доо арызды канааттандырган жок

2021-жылдын 30-ноябрында Кассациялык соттун 6-жалпы юрисдикциялык соту Анатлий Токаревдин доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Эми ал ага салынган айып пулду төлөөгө милдеттүү болот.

2020-жылдын 23-октябрында Киров шаарынын Октябрь райондук соту Анатолийди айыптуу деп таап, аны 500 000 рубль (6 552 АКШ доллары) төлөөгө милдеттендирди. Ал он күндүн ичинде тийиштүү сотко доо арыз жаза алат.

Сот алдында айткан акыркы сөзүндө ал мындай деген: «Укук коргоо органдарынын артында турган өкмөт бул кылмыш иши аркылуу мага: „Же ишенимиңден баш тартасың же... эл алдында ырайымсыздык менен жазаланасың“,— деди... Урматтуу сот! Кудайга болгон ишенимимден баш тартпайм деп биринчи сот отурумунда эле айткам. Азыр деле ошол оюман кайтпайм... Ар бир Жахабанын Күбөсү сыяктуу эле, мен да түрмөгө камалгандан, атүгүл өлүм менен беттешкенден корком. Мага эл алдында коюлган „экстремист“ деген айып — атымды каралаган негизсиз айып. Бирок, урматтуу сот, мен Кудайдан баш тартып, анын сүйүүсүнөн айрылгым келбейт».