Мазмунун көрсөтүү

3-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Артур Лохвицкийди шарттуу соттоду

Орусиянын соту Артур Лохвицкийди шарттуу соттоду

2021-жылдын 2-февралында Еврей автономдук облусундагы Биробижан райондук соту 35 жаштагы Артур Лохвицкийди айыптуу деп тапты. Сот аны 2 жарым жылга шарттуу соттоп, 3 жыл сыноо мөөнөтүндө болсун деп чечим чыгарды. Артур бир тууганыбыз азырынча түрмөгө камалбайт.

Сот алдындагы акыркы сөзүндө Артур мындай деди: «Соттун жыйынтыгы кандай болбосун, ушул сот ишине катышып жатканымды чоң сыймык деп эсептейм. Мен Иса Машаяктын сөздөрүнүн аткарылып жатканына дагы бир жолу күбө болуп жатам. Анын сөздөрү Марк китебинин 13-бөлүмүнүн 9, 10-аяттарында жазылган. Ал жерде: „Силер болсо сак тургула... Силерди сотко беришет,.. бул аларга күбөлөндүрүшүңөр үчүн болот. Ошондой эле баарынан мурда бүт элдерге жакшы кабар таратылышы керек“,— деп айтылат. Ушуну билгендиктен Кудайдын ой-ниети тууралуу башкаларга айткым келет. Урматтуу сот, бул тууралуу силерге айтып жатканым мен үчүн зор сыймык».