Мазмунун көрсөтүү

Акыркы сот отурумдарынын биринде клеткада отурган Валерий Москаленко бир тууган

2019-ЖЫЛ, 30-АВГУСТ
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Валерий Москаленко бир туугандын ишине байланыштуу чечимди кийинки жумада чыгарат

Орусиянын соту Валерий Москаленко бир туугандын ишине байланыштуу чечимди кийинки жумада чыгарат

Хабаровсктогу Железнодорожный райондук сотунун судьясы Иван Белых 52 жаштагы Валерий Москаленко бир тууганга козголгон кылмыш ишине байланыштуу чечим 2019-жылдын 2-сентябрында чыгарын жарыялады.

2018-жылдын 2-августунда Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) жана полиция Валерий бир туугандын үйүн тинтип, аны кармап кеткен. Ал ошондон бери тергөө камак жайында отурат. Тинтүү иши беш саатка созулган. Валерий бир туугандын тергөө камак жайында отурганына бир жылдан ашып калгандыктан, аны бийлик өкүлдөрү, Деннис Кристенсен бир туугандай кылып, айыптуу деп таап, түрмөгө камашы мүмкүн деп тынчсызданып жатабыз.

2018-жылдын 18-декабрында «Москаленко Орусияга каршы» деген аталыштагы доо-арыз Адам укуктары боюнча Европа сотуна (АУЕС) жөнөтүлгөн. Орусия өкмөтүнө каршы жазылган, АУЕСке жөнөтүлгөн доо-арыздардын саны 50дөн ашты. Алардын 34тү Орусия өкмөтүнө билдирилген.

Орусиядагы бир туугандардын башына түшкөн «кыйынчылыктарга, куугунтуктарга карабай туруктуу болуп», ишенимин сактап келатканына абдан сыймыктанабыз. Жахаба аларды калтырган жок. Ал аларга батасын берип жатат. Биз Жахабадан, кийинки жумада кандай чечим чыкпасын, Валерий бир тууганга кубанычын жоготпой, туруктуу болгонго күч беришин сурап тиленип турабыз (2 Тесалоникалыктар 1:4).