Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Андрей Маглив, Владимир Кулясов, Галия Ольхова, Татьяна менен Владимир Алушкиндер жана Денис Тимошин Пенза шаарындагы Ленин райондук сотунда, 5-декабрь, 2019

17-ДЕКАБРЬ, 2019
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Владимир Алушкинди алты жылга эркинен ажыратты жана башка беш ишенимдешибизди шарттуу соттоду

Орусиянын соту Владимир Алушкинди алты жылга эркинен ажыратты жана башка беш ишенимдешибизди шарттуу соттоду

2019-жылдын 13-декабрында, жума күнү, эртең менен Пенза шаарынын Ленин райондук соту Владимир Алушкинди айыптуу деп таап, алты жылга кести. Ага ошол жерден дароо кишен салып, түрмөгө алып кетишти. Башка бешөөнө, алардын ичинде Владимирдин жубайы Татьянага бирдей эле айып коюлган. Сот бешөөнү тең (үч эркек, эки аял) эки жылга шарттуу соттоду. Пенза шаарынан болгон ал алты ишенимдешибиз тийиштүү сотко доо-арыз менен кайрылат.

Буга чейин айтылгандай, 2018-жылдын 15-июлунда беткап кийген куралчан полиция кызматкерлери Владимирдин үйүнө кирип келишкен. Алар үйдү төрт саат тинтишкенден кийин чөнтөк телефондорду, электрондук каражаттарды, Ыйык Китептерди жана башка адабияттарды тартып алышкан. Ошол эле күнү полиция кызматкерлери дагы беш Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Натыйжада 40тай ишенимдешибизди суракка алыш үчүн алып кетишкен.

Жергиликтүү бийликтегилер Владимирди убактылуу кармоочу жайга эки күн камап коюшкан. Андан кийин Пензанын Биринчи май райондук соту аны эки айга тергөө камак жайына камаган. Сот анын тергөө камак жайында отуруу мөөнөтүн эки жолу узарткан. Камакта алты айдай болгондон кийин Владимир үй камагына бошотулган. Ал 13-декабрга чейин үй камагында отурган.

Владимир Алушкин менен дагы башка үч ишенимдешибиз соттолгон. Алар: Владимир Кулясов, Андрей Маглив жана Денис Тимошин. Иши каралып жатканда жана сот отурумдары жүрүп жаткан учурда алар үй камагында болушкан. Татьяна Алушкина менен Галия Ольхова да кылмышкер катары айыпталган. 2019-жылдын февралынан тартып аларга башка жакка чыгууга жана башкалар менен сүйлөшүүгө тыюу салынып келген.

2019-жылдын августунда БУУнун Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобу (МКЖТ) Орусия өкмөтүнүн Владимирди камакка алганы мыйзамсыз болгону айтылган 12 беттүү документ даярдаган. Анда МКЖТ «Владмимир Алушкиндин кармалышы, убактылуу тергөө камак жайына камалышы жана соттолушу мыйзамсыздыкка жатарын баса белгилеген». Ошондой эле Орусия өкмөтүнөн «Владимир мырза кабылган адилетсиздикти жоюш үчүн аны бошотууну» талап кылган. Пензадагы алты ишенимдешибизди коргогон жактоочулар далилдерин МКЖТнын эл аралык колдоого алынган ошол документине негиздешкен. Ошентсе да сот 13-декабрда чечимди жарыялап жатканда Орусиянын Жогорку сотунун 2017-жылы чыгарган чечимине кайрылган. Ал чечимге ылайык, Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынган. Сот Жогорку соттун ошол чечими МКЖТнын чечимине караганда алда канча зор күчкө ээ экенин баса белгилеген.

Ушул жылы Орусия өкмөтү 18 ишенимдешибизге каршы чечим чыгарган. Алардын 9у ар кандай мөөнөткө түрмөгө камалган. Ал эми 40тан ашууну тергөө камак жайында, 19у болсо үй камагында отурат. Жалпы жонунан Орусияда ишеними үчүн 300гө жакын Жахабанын Күбөсүнө каршы кылмыш иши козголгон.

Бир туугандарыбыздын ушундай жагдайга кабылып жатканы кайгыртпай койбойт. Бирок биз буга таң калбайбыз. Анткени бул нерселер алдын ала айтылган. Ошентсе да Жахаба өз элин колдоорун убада кылган. Биз боордошторубузду «даңк руху, Кудайдын руху» жетектеши үчүн тиленип турабыз (1 Петир 4:12—14).