Мазмунун көрсөтүү

Деннис Кристенсендин жактоочусу менен жолуккан учуру (сентябрь, 2020)

26-ОКТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Деннис Кристенсенди мөөнөтүнөн эрте бошотуудан дагы бир жолу баш тартты

Орусиянын соту Деннис Кристенсенди мөөнөтүнөн эрте бошотуудан дагы бир жолу баш тартты

2020-жылдын 26-октябрында Льгов райондук соту үч жылдан ашуун убакыттан бери түрмөдө отурган Деннис Кристенсенди мөөнөтүнөн эрте бошотуудан дагы бир жолу баш тартты. Ал ишенимдешибиз соттун чечимине каршы 10 күндүн ичинде доо арыз жаза алат. Деннис бир тууганыбыздын түрмөдө отуруу мөөнөтү 2022-жылы май айында соңуна чыгат. Ал убакыт өз ичине анын тергөө камак жайында өткөргөн убактысын да камтыйт. Өткөн айда болгон сотто түрмөнүн бийлик өкүлдөрү ага түрмөдөгү эрежелерди «одоно бузууда» деген айып коюшкан. Бул Деннис Кристенсендин мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна бөгөт койду. Ал эле эмес, ушундан улам ал 2022-жылдын май айында боштондукка чыкпай калышы мүмкүн.

Ал 2017-жылы 25-майда камалгандан бери жубайы экөө көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечиришти. Ошого карабай алар кубанычын жоготкон жок жана ишенимин сынаган мындай кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге чечкиндүү. Буга алар үчүн тиленип жаткан дүйнө жүзүндөгү миллиондогон ишенимдештерибиз да салым кошуп жатышат.