28-ОКТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ
Орусиянын соту Константин Баженовду мөөнөтүнөн эрте бошотуудан баш тартты
2020-жылдын 28-октябрында Ульянов облусунун Димитровград шаардык соту Константин Баженовду мөөнөтүнөн эрте бошотуудан баш тартып, калган мөөнөтүнүн ордуна айып пул төлөөгө милдеттендирди. Ал ишенимдешибиз 10 күндүн ичинде тийиштүү сотко доо арыз жаза алат.
Константин бир тууганыбыз 2018-жылы июнда тергөө камак жайына камалганда башында корккон. Бирок ал дептер ачып, Ыйык Китептеги аяттарды жаза баштаган. Константин 500дөй аятты эстей алган. Акыры, ага Ыйык Китеп беришкен. Ал аны 4 айдын ичинде окуп чыккан. Ошондой эле башкаларга кат жазып, Ыйык Китептен тапкан бекемдээрлик ойлор менен бөлүшкөн. Андан тышкары, Падышалык ырларын ырдап, Жахабадан дайыма жалындуу тиленип турган.
Константин Баженов тергөө камак жайында жалпысынан 340 күндөн ашуун убакыт болгон. Ал айыптуу деп табылып, 2019-жылы сентябрда үч жарым жылга кесилгенден кийин да рухий күн тартипке кармана берген. Жахабанын жардамы менен Эскерүү кечесин да белгилей алган. Жахаба менен болгон мамилесин бекем сактоонун аркасында Константин бир тууган куугунтукталса да, кубанычын жоготкон эмес. Ал ишенимдешибиз үчүн мындан ары да тиленип туралы.