Мазмунун көрсөтүү

Лариса Артамонова

15-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Лариса Артамоновага Кудайга ишенгени үчүн айып пул салды

Орусиянын соту Лариса Артамоновага Кудайга ишенгени үчүн айып пул салды

Өкүм

2021-жылдын 12-февралында Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук соту Лариса бир тууганыбызга байланыштуу чечим чыгарды. Айыптоочу аны 6 жылга эркинен ажыратууну талап кылган. Бирок сот ага 10 000 рубль (135 АКШ доллары) айып пул салды.

Жеке маалымат

Лариса Артамонова

  • Туулган жылы: 1970 (Еврей автономдук облусу, Биробижан шаары)

  • Кыскача таржымалы: Үч жашында атасы киши колдуу болуп өлгөн. Лариса кондитер азыктары боюнча адис. Ошондой эле графикалык дезайнер, тигүүчү болуп иштечү. 1990-жылы турмушка чыккан. Бир уулу бар. Ал сейрек кездешүүчү оорудан жапа чегет. Лариса өзү болсо муундарын жабыркаткан оорунун азабын тартып келет. Ошентсе да, багынып калбай, ар нерсе менен алектенет. Мисалы, велосипед, скейт, коньки тепкенди, сүрөт тартканды жакшы көрөт.

    Адилетсиздикти, кайгы-капаны, ыймансыздыкты көп көргөндүктөн суроолоруна жооп алгысы келип Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Жүрөгүн өйүгөн ошол суроолоруна Ыйык Китептен канааттандырарлык жооп алган. Ошентип, 1995-жылы чөмүлгөн.

Иштин чоо-жайы

2019-жылы, 25-сентябрда Орусиянын бийлик өкүлдөрү Ларисага каршы кылмыш ишин козгогон. Уулуна да өзүнчө иш боюнча кылмыш иши ачылган. Ал экөө «экстремисттик» деп эсептелген иштерге катыштыгы бар деп айыпталып жаткан Еврей автономдук облусундагы 22 ишенимдешибиздин катарына киргизилген.

Соттун Лариса бир тууганыбыздын эркиндигин 6 жылга чектегени апасы менен өгөй атасынын төбө чачын тик тургузган. Себеби Ларисанын атасын өлтүргөн киши да алты жылга эркинен ажыратылган болчу.

Биробижан шаарындагы ишенимдештерибиз куугунтукка кабылганга чейин бир аз эле убакыт мурун Лариса уулу экөө Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга аракет кыла башташкан. Ал: «Жахабанын кызматы менен алек болуунун жана рухий жактан бекем болуунун аркасында биз коркунучка алдырган жокпуз»,— дейт. Ошондой эле мындай деп кошумчалайт: «Шайтан бизди куугунтуктап жаткандарды колдонуп, Кудайдын иши менен алектенгенибиз эркиндигибизге коркунуч туудурат деген ойго ишендиргиси келет. Ал эми Жахаба ал үйрөткөн нерселерди аткарсак, чындап эркин болорубузга ынандырат».

Биробижан шаарындагы кылмышкер катары эсептелген 22 бир тууганыбыз ишенимдүү болуу менен Жахабаны сүйүнтүп, Шайтандын жалганчы экенин далилдеп жатканынан эч шектенбейт (Накыл сөздөр 27:11).