Мазмунун көрсөтүү

14-ФЕВРАЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Михаил менен Елена Поповдорду күнөөлүү деп таап, айып пул салды

Орусиянын соту Михаил менен Елена Поповдорду күнөөлүү деп таап, айып пул салды

2020-жылдын 14-февралында Вилючинск шаардык соту Михаил менен Елена Поповдорго каршы чечим чыгарды. Сот Михаилге 350 000 рубль (5 508 доллар), ал эми жубайы Еленага 300 000 рубль (4 722 доллар) айып пул салды. Бирок алар түрмөгө камалган жок. Ал ишенимдештерибиз тийиштүү сотко доо-арыз менен кайрылат.

Михаил менен Елена Поповдорду 2018-жылдын июль айында кармап кетишкен. Бирок алар көп өтпөй бошотулуп, сот ишин күтүп жатышкан.

2019-жылдан бери Орусиянын соттору 28 Жахабанын Күбөсүн Кудайга ишенгени үчүн күнөөлүү деп тапты. Акыркы эки айдын ичинде эле 10 ишенимдешибизге ушундай айып коюлду. Анткен менен алар азырынча камакка алына элек.