Мазмунун көрсөтүү

Николай Кузичкин (солдо) жана Вячеслав Попов (оңдо)

18-ДЕКАБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Николай Кузичкин менен Вячеслав Поповго өкүмүн жарыялады

Орусиянын соту Николай Кузичкин менен Вячеслав Поповго өкүмүн жарыялады

Өкүм

2020-жылдын 18-декабрында Сочи шаарынын Хостинск райондук соту Николай Кузичкин менен Вячеслав Поповду айыптуу деп тапты. Соттун чечимине ылайык, Николай 1 жыл 1 айга, ал эми Вячеслав 1 жыл 10 айга эркинен ажыратылат. Бирок ишенимдештерибиз сот болгонго чейин эле тергөө камак жайында отургандыктан, алардын жаза мөөнөттү бүттү деп эсептелди. Вячеслав дагы деле тергөө камак жайында. Ага чыгарылган өкүм күчүнө киргенден кийин ал абактан бошотулат. Николай болсо үй камагынан эркиндикке чыкты.

Жеке маалымат

Николай Кузичкин

  • Туулган жылы: 1951 (Кострома облусу)

  • Кыскача таржымалы: Музыкалык мектепти бүткөндөн кийин пианинону жөндөп иштей баштаган. Жубайы Ольга экөө үч уулду тарбиялашкан. Кийин бал челекчиликти да өздөштүрүп алган.

    1990-жылдардын башында Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылып жатканынын далилдерин көргөндө өзүн Кудайга арноону чечкен. Николай 1993-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон.

Вячеслав Попов

  • Туулган жылы: 1974 (Томск)

  • Кыскача таржымалы: Кичинекейинен эле сүрөт тартканга кызыгат. Дизайнер болуп иштеген. Болочок жубайы Юля менен мектептен таанышкан. Экөө 1998-жылы баш кошушкан. Бир кыз, эки уулу бар. 2010-жылы Сочиге көчүп барышкан. Үй-бүлөсү менен лыжа тепкенди, көл жээкте эс алганды жакшы көрөт.

    Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти биринчи Юлия изилдей баштаган. Вячеславдын атасы каза болуп калганда Ыйык Китептеги чындык аны абдан соороткон. Ошондон тартып ал да аялы менен бирге Жахабанын Күбөлөрү менен изилдей баштаган. 2004-жылы чөмүлгөн.

Иштин чоо-жайы

2019-жылы, 10-октябрда кечинде улуттук коопсуздук органдарынын куралданган кызматкерлери, айрымдары иттер менен Сочидеги Жахабанын Күбөлөрүнүн 36 үйүн тинтишкен.

Жаш-карысына карабай, баарын жерге бети менен жаткырып, үйлөрүн аңтарып-теңтерип чыгышкан. Телефондорун, планшеттерин, компьютерлерин, адабияттарын, дептерлерин, атүгүл открыткаларын алып кетишкен. Кээ бир үйлөргө тыюу салынган адабияттарды коопсуздук органдарынын кызматкерлери байкатпай таштап кетишкен. Ошол күнү Николай Кузичкин менен Вячеслав Поповду кармап кетишкен. Кийинки күнү болсо аларды тергөө камак жайына камашкан.

Николай Кузичкиндин ден соолугу начар. Сот анын оорулары «камактан бошотконго шарт түзгөн оорулардын» катарына кирбей турганын айтып, медициналык текшерүүдөн өтүүгө байланыштуу өтүнүчүн кайра-кайра четке каккан. Андан тышкары, Николайды киши жык толгон камерага отургузуп коюшкан. Ал жакта отургандардын айрымдары тамеки чеккендиктен, анын ден соолугу ого бетер начарлап кеткен.

Ден соолугуна коркунуч туудурган шарттарда отурса да, Николай мындай деп айткан: «Түрмө Кудайдын кызматчысы үчүн рентгендей эле экен. Ал сенин ички дүйнөңдү, Кудайдын кызматчыларына мүнөздүү саппаттарың барбы, жокпу, айкын кылат». Николай өзүнүн эле кыйынчылыктарына көңүл топтобой, жанындагыларга көңүл чөгөттүккө алдырбаганга, өмүрүн кыйгысы келгендерге жаман ойлор менен күрөшкөнгө жардам берген. Ал жактагылар аны тынчтыкты сактаган, боорукер киши катары билип калган.

Сот анын тергөө камак жайында отурган мөөнөтүн 6 жолу узарткан. Акыры, 2020-жылдын 22-апрелинде ал үй камагына бошотулган. Ошол учурда анын ден соолугу аябай начарлап, араң жан болуп калган. Үй камагына чыккандан кийин гана ага медициналык жардам алууга уруксат берилген.

Ал эми Вячеславдын тергөө камак жайында отурган мөөнөтү 14 жолу өзгөртүлгөн. Баш-аягы ал үй-бүлөсү менен бир жылдан ашык убакыт көрүшкөн эмес.

Николай менен Вячеславдын ишенимин бек сактап, Жахабанын эгедерлигин жактоого чечкиндүү болуп, баарыбызга сонун үлгү көрсөтүп жатканына абдан ыраазыбыз. Алар забурчудай болуп: «Жахаба дайыма көз алдымда. Ал оң жагымда болгондуктан, мен олку-солку болбойм»,— деп жатышат (Забур 16:8).