24-ЯНВАРЬ, 2020
ОРУСИЯ
Орусиянын соту Роман Маркин менен Виктор Трофимовго айып пул салды. Алар түрмөгө камалышпайт
2020-жылдын 24-январында, жума күнү Мурмансктагы Полярный райондук соту Роман Маркин менен Виктор Трофимовду күнөөлүү деп таап, Романды 300 000 рубль (4 858 АКШ доллары), ал эми Викторду 350 000 рубль (5 668 АКШ доллары) төлөөгө милдеттендирди. Ал ишенимдештерибиздин күнөөлүү деп табылганын угуу бизди кайгыга салса да, алардын түрмөгө камалбай турганын билүү кубандырууда.