Мазмунун көрсөтүү

24-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Роман менен апасы Валентина Барановскаяны түрмөгө кести

Орусиянын соту Роман менен апасы Валентина Барановскаяны түрмөгө кести

2021-жылы, 24-февралда Хакас Республикасындагы Абакан шаардык соту Роман Барановскийди алты жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле анын апасы Валентина Барановскаяны эки жылга түрмөгө кести. Орусияда буга чейин аял кишилер Кудайга ишенгени үчүн түрмөгө камала элек болчу. Валентина бир тууганыбыз 2021-жылы, апрелде 70 жашка чыгат. Ал 2020-жылдын июлунда инсульт болгон.

Чечим жарыялангандан кийин, Романды да, апасын да камакка алышты. Алар эми тийиштүү сотко доо арыз менен кайрылат.