Мазмунун көрсөтүү

Руслан Алыев жубайы Кристина менен сот залынын алдында (2020-жыл, 17-декабрь)

17-ДЕКАБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Руслан Алыевди шарттуу соттоду

Орусиянын соту Руслан Алыевди шарттуу соттоду

Руслан Алыевдин дагы башка сөздөрү кошулду

2020-жылдын 17-декабрында Ростов-на-Донудагы Ленин райондук соту Руслан Алыевди айыптуу деп таап, 2 жарым жылга шарттуу соттоду. Азырынча ал ишенимдешибиз түрмөгө камалбайт.

Соттун чечими чыкканга чейинки күндөрү Руслан бир тууганыбыз көп сарсанаа болбой, Кудай берген тынчтыкты сезип жатты (Филипиликтер 4:7). Ал досторуна: «Кандай өкүм чыгат деп көп деле кайгырган жокмун. Жахаба эмнеге жол бербесин, баары анын көзөмөлү алдында болот. Анын мага өз маалында жардам берерине ишенем. Каякта жүрбөйүн, мен ага гана кызмат кыла берем»,— деп ишенимдүү түрдө айткан. Ошондой эле ал дүйнө жүзүндөгү ишенимдештери анын туруктуу болушун сурап тиленип жатканын билет. Бул, өзү айткандай, ага «бир топ күч-кайрат» берип жатат.

2020-жылдын 14-декабрында соттун алдында айткан акыркы сөзүндө Руслан кайраттуулук менен мындай деген: «Б. з. 1-кылымында 33 жаштагы жигитти бийликке каршы чыгып, козголоң чыгарып жатат деген айып менен сот алдына алып келишкен. Бирок ошол сот ишине байланыштуу азыркы колдо бар маалыматтар анын Жахаба Кудай менен ынак мамиледе болгону үчүн эле куугунтукталганын көрсөтүп турат. Аны айыпташ үчүн келген күбөлөрдүн айткандары да бири-бириникине карама-каршы келген. Эч ким анын айыптуу экенин далилдей алган эмес. Ошентсе да аны күнөөлүү деп табышкан. Ал жигит Иса Машаяк болгон.

Азыр биз 21-кылымда жашап жатабыз. Дал ошондой окуя кайталанып жатат. Мени да — 33 жаштагы жигитти — бийликке каршы чыгып, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатат деп айыптап, сот алдына алып келишти... Мага Конституциялык тартипти бузуп, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатат деген айып коюлганына таң калып жатам. Бул — акылга сыйбаган нерсе».

Андан тышкары, Руслан ага коюлган этникалык жана диний кастыкты козуткан деген айыпка караманча каршы экенин билдирген. Бул туурасында ал мындай деген: «Турмуштун шартына байланыштуу, бери дегенде, үч элдин — орустардын, азербайжандардын жана украиндердин — маданиятынын кучагында чоңойгом. Алардын ар бирин жакшы көрөм, ар бири жүрөгүмө жакын... Ошондой эле Африка өлкөлөрүнөн болгон англисче сүйлөгөн досторум көп, кытайча сүйлөгөн да досторум бар... Өзүм болсо азербайжан улутунан болом. Азербайжан менен Армения элинин ортосунда көп жылдан бери келаткан кастык тууралуу баары эле билет. Бирок менин эң жакын досум армян. Ал үйлөнүү тоюмда күйөө жолдош болгон. Туткан диним мени бардык адамдарды, алар кайсы улуттан, динден болбосун, коомдо кандай абал ээлебесин, жакшы көрүүгө үйрөтүп, үндөп келет. Ошон үчүн мага этникалык, расалык топтордун арасында жек көрүүчүлүктү пайда кылып жатат же кайсы бир улут башкасынан жогору турат деген идеяны үгүттөп жатат деп айыптап жатышканына аябай таң берип жатам».

Орусиядагы ишенимдештерибиздин сот алдында сүйлөө мүмкүнчүлүгүн Кудайдын Сөзүндөгү кабарды эр жүрөктүк менен жакташ үчүн колдонуп жатканы баарыбызды кайраттандырбай койбойт. Бийликтегилердин алдында ишенимибизди коргоп жатканда себилген үрөндөрдү Жахабанын өстүрөрүнө шектенбейбиз (Матай 10:18).