Мазмунун көрсөтүү

15-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Светлана Мониске Кудайга ишенгени үчүн айып пул салды

Орусиянын соту Светлана Мониске Кудайга ишенгени үчүн айып пул салды

2021-жылы, 15-февралда Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук соту Светлана Мониске өлкөдө тыюу салынган уюмдун иши менен алектенген деген айып коюп, аны 10 000 рубль (137 АКШ доллары) төлөөгө милдеттендирди.

Сот алдында айткан акыркы сөзүнөн Светлананын ишениминин бекем экени, кайраттуу экени көрүнүп турду. Ал сотко мындай деп кайрылды: «Мен Мырзабыз Иса Машаякка жана анын Атасы Жахаба Кудайга ишенгеним үчүн силердин алдыңарда турам. Кудайдын кызматчылары ушинтип куугунтукталары Ыйык Китепте да айтылган. 1 Петир 4:14—16-аяттарда мындай деп жазылган: „Эгерде силерди Машаяктын ысмы үчүн кордоп жатышса, анда бактылуусуңар, анткени силерде даңк руху, Кудайдын руху, бар. Араңардан эч ким киши өлтүрүп же уурулук кылып, же жаман иш кылып, же башкалардын ишине кийлигишип азап тартпасын. Ал эми Машаяктын жолдоочусу болгону үчүн азап тартса, анда уялбасын. Тескерисинче, анын жолдоочусу катары жашап, Кудайды даңктай берсин“».