Мазмунун көрсөтүү

22-ДЕКАБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Семён Байбакты шарттуу соттоду

Орусиянын соту Семён Байбакты шарттуу соттоду

2020-жылдын 21-декабрында Ростов-на-Дону шаарындагы Ленин райондук соту Семён Байбакты айыптуу деп таап, үч жарым жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Бир нече күн мурун сот алдында айткан акыркы сөзүндө ал Орусиядагы бир акыйкатчынын сөзүн цитата кылып: «Алар [Жахабанын Күбөлөрү] куугунтукталса да, дайыма жылмайып жүрүшөт»,— деген. Андан кийин: «Бул чынында эле ошондой. Ушундай нерсе менин да башыма келди. Бирок мен кайгырган да жокмун, куугунтуктагандарды жек көрүп да калган жокмун»,— деп кошумчалаган. Ошондой эле Семён бир тууганыбыз 2 Корунттуктар 4:8, 9дагы сөздөрдү өзүнө жана Орусиядагы башка ишенимдештерине карата колдонгон. Ал аяттарда: «Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, жарга такалган жокпуз; эмне кыларыбызды билбей турсак да, үмүт үзгүдөй абалда калган жокпуз. Куугунтукталып жатсак да, ташталган жокпуз; бүк түшүрүшсө да, жок кылынган жокпуз»,— делет.