Мазмунун көрсөтүү

Сергей Климов сот залындагы темир тордун ичинде, май, 2019-жыл

11-НОЯБРЬ, 2019
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Сергей Климовду алты жылга кести. Бул ишибизге 2017-жылы тыюу салынгандан берки эң катуу жаза болду

Орусиянын соту Сергей Климовду алты жылга кести. Бул ишибизге 2017-жылы тыюу салынгандан берки эң катуу жаза болду

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Касацциялык сот Сергей Климовдун доо арызын четке какты

2022-жылдын 27-январында Жалпы юрисдикциянын сегизинчи кассациялык соту Сергей бир тууганыбыздын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Ал дагы эле түрмөдө калат.

2019-жылдын 5-ноябрында Томск шаарынын Октябрский райондук соту Сергей Климовду алты жылга түрмөгө кести. Орусия өкмөтү буга чейин Деннис Кристенсенди да ушундай мөөнөткө түрмөгө камаган эле. Бирок сот Сергей мырзаны алты жыл түрмөгө кескенден тышкары, кошумча чектөөлөрдү да койду. Жогорку сот 2017-жылы ишибизге тыюу салгандан бери мындай катуу жаза боло элек болчу.

2018-жылдын 3-июнунда Орусиянын полиция кызматкерлери менен атайын күчтөрү Жахабанын Күбөлөрү жашаган эки үйдү тинтип, Сергей Климовду кармап кеткен. Алар 30га жакын ишенимдешибизди, анын ичинде 83 жаштагы апаны да суракка алыш үчүн алып кетишкен. Бирок баарын бошотуп, Сергей Климовду алып калышкан. Ага каршы кылмыш иши козголуп, сот аны эки айга тергөө камак жайына камаган. Алты жылга кесилгенге чейин эле, анын камакта отуруу мөөнөтү жети жолу узартылган. Ошентип, Сергей Климов бир жыл беш айга жубайынан, үй-бүлөсүнөн ажыратылган.

Жакынкы арада анын жактоочулары ага чыгарылган чечимге каршы доо-арыз менен тийиштүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылат. 2018-жылдын 20-августунда Адам укуктары боюнча Европа сотуна Сергейдин тергөө камак жайында отурганына нааразы экени билдирилген «Климов Орусияга каршы» деген доо-арыз жөнөтүлгөн.

2019-жылдын ичинде Орусиянын бийлик өкүлдөрү канчалаган ишенимдештерибиздин үйүн тинтишти, айрымдарын кармап кетишти, дагы бирөөлөрүн тергөө камак жайына камашты. Анткен менен ишенимдешетерибиз берилгендигинен, кайраттуулугунан жазбай келет. Жахабага толук таянгандыктан, ал аларга батасын берүүдө. Муну көрүп, биз да кайраттанып жатабыз (Забур 56:1—5, 9).