Мазмунун көрсөтүү

19-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Сергей Леденёвдун доо арызын канааттандыруудан баш тартты

Орусиянын соту Сергей Леденёвдун доо арызын канааттандыруудан баш тартты

2021-жылдын 19-январында Камчатка крайынын соту Сергей Леденёвдун доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Ал ишенимдешибиз буга чейин 2 жылга шарттуу соттолгон болчу. Эми ошол өкүм күчүнө кирет. Бирок ал түрмөгө камалбайт.

Чечим чыкканга чейин Сергейге сот алдында сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берилген. Ошондо ал ишенимин тайманбастык менен коргоп, Жахабага сыйына бергенге чечкиндүү экенин билдирген. Ал мындай деген: «Менин ишенимим кайсы бир уюмдун уставдарына эмес, Ыйык Китепке негизделген. Ыйык Китепте: „Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай“,— деп айтылат. Ошондой эле анын ысмы Жахаба экени жазылган (Еврейлер 3:4; Чыгуу 15:3). Бир да [сот] өкүмү бул сөздөрдү Ыйык Китептен же менин жүрөгүмдөн өчүрө албайт».