Мазмунун көрсөтүү

24-НОЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Сергей Леденёвду 2 жылга шарттуу соттоду

Орусиянын соту Сергей Леденёвду 2 жылга шарттуу соттоду

2020-жылдын 24-ноябрында Камчатка крайынын Петропавловск-Камчатский шаардык соту Сергей Леденёвду айыптуу деп тапты. Ал 3 жылдык чектөө мөөнөтү менен 2 жылга шарттуу соттолду. Бирок Сергей азырынча түрмөгө камалбайт.

Сот алдында айткан акыркы сөзүндө ал ишенимдешибиз Жахабанын Күбөсү болуу деген ал үчүн эмнени билдирерин кайраттуулук менен мындай деп түшүндүрдү: «Жахаба деген кайсы бир элдин, уюмдун же диндин аты эмес. Бул — Кудайдын ысмы. Ыйык Китептеги Ышая пайгамбар жазган китепте Жахаба өзүнүн ишенимдүү кызматчыларын „менин күбөлөрүм“ деп атаган. Ушул аяттын негизинде 1931-жылдагы жыйыныбызда Жахабанын Күбөлөрү деген атты кабыл алганбыз. Ошон үчүн биз башкаларга Кудайдын Жаратканыбыз, Куткаруучубуз, ааламдын Эгедери экенин күбөлөндүрүп, адамзатка байланыштуу кереметтүү ой-ниетин жарыялайбыз. Ушундай кылуу — биздин милдетибиз. Бул мен үчүн да, ишенимдештерим үчүн да чоң сыймык» (Ышая 43:10).

Сергей сотко ишенимдүү түрдө: «Менде уялганга эч кандай себеп жок, анткени мен эч кандай кылмыш кылган жокмун. Кудайдын алдында да, адамдардын алдында да абийирим таза»,— деди.