Мазмунун көрсөтүү

Евгений Федин жана Сергей Логинов бир туугандар

2019-ЖЫЛ, 2-МАЙ
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Сургуттагы тергөө камак жайында калган эки бир тууганыбызды бошотту

Орусиянын соту Сургуттагы тергөө камак жайында калган эки бир тууганыбызды бошотту

2019-жылдын 9-апрелинде Сургут шаардык соту Евгений Федин менен Сергей Логинов тергөө камак жайынан бошотулсун деген чечим чыгарды. Сот Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн алардын тергөө камак жайында отуруу мөөнөтү узартылсын деген өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Эки бир тууганыбызга карата козголгон кылмыш иши дагы деле тергөө алдында болсо да, алар 11-апрелде камак жайынан бошотулду.

Евгений жана Сергей бир туугандарды 2019-жылдын 15-февралында Сургут шаарындагы көптөгөн үйлөргө жүргүзүлгөн рейд учурунда кармап кетишкен болчу. Рейд бүткөндөн кийин бийлик өкүлдөрү 19 Жахабанын Күбөсүнө каршы кылмыш ишин козгогон. Алардын үчөө: Евгений Федин, Сергей Логинов жана Артур Северенчик тергөө камак жайында калсын деген чечим чыккан. Артур бир тууган тергөө камак жайынан 15-мартта бошотулган.

Февраль айындагы рейдден кийин полиция кызматкерлери жети бир тууганды, анын ичинде Сергей Логиновду кыйноого алышкан. Биздин уюм бир туугандарга мыкаачылык менен мамиле кылынганын билдирип, Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрылган. Ал доо арыз дагы деле каралууда.

Жахабанын тиленүүбүздү угуп, Орусиядагы бир туугандарыбызга күч бере берерине толук ишенебиз (Забур 10:17).