Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 20-МАРТ
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Сургут шаарында тергөө камак жайында отурган үч Жахабанын Күбөсүнүн бирин бошотту

Орусиянын соту Сургут шаарында тергөө камак жайында отурган үч Жахабанын Күбөсүнүн бирин бошотту

2019-жылдын 7-мартында Орусиянын Ханты-Манси автономдук округунун аппеляциялык соту Сургут шаарынын биринчи баскычтагы сотунун Артур Северенчикке каршы чыгарган чечимин жокко чыгарды. Ал тергөө камак жайынан 15-мартта бошотулду.

Артур Северенчик — Сургут жана Лянтор шаарларында рейд жүргүзүлгөндөн кийин, 17-февралда тергөө камак жайына отургузулган үч бир туугандын бири. Сот калган эки бир тууганды, Евгений Федин менен Сергей Логиновду, эркиндикке чыгаруудан баш тартты.

Бул жагдай эл аралык уюмдардын көңүлүн бурууда. Адам укуктары боюнча Европа соту тергөө камак жайында отурганда кыйноого алынган Логинов бир тууганды медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылды.

Артур Северенчик бир туугандын боштондукка чыкканына абдан кубанып жатабыз. Биз Орусияда түрмөдө отурган бир туугандардын «олку-солку болбой», Жахабага таяна беришин сурап тиленип турабыз (Забур 16:8).