Мазмунун көрсөтүү

23-ДЕКАБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Хасан Когуттун доо арызын канааттандыруудан баш тартты

Орусиянын соту Хасан Когуттун доо арызын канааттандыруудан баш тартты

2020-жылдын 23-декабрында Кемеров облустук соту Хасан бир тууганыбыздын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Ага чыгарылган буга чейинки өкүм күчүнө кирет. Ага ылайык, ал ишенимдешибиз эки жарым жылга шарттуу түрдө соттолгон. Бирок түрмөгө камалбайт.

Хасанды соттолгон жаран катары калары кейитпей койгон жок. Ошентсе да Жахабанын алдында кынтыксыздыгын сактап, анын ырайымына ээ экенин билгени аны сооротуп-жубатууда. Ал жубайы Екатерина, сегиз жашар уулу Тимофей менен Жахабага кызмат кыла бергенге чечкиндүү.

2020-жылдын 10-сентябрында соттун алдында айткан акыркы сөзүндө Хасан кайраттуулук менен мындай деген: «Жахаба Кудайыма болгон ишенимден эч качан баш тартпайм. Мени баш тарттыруу үчүн кысымга алгандарды кылмышкер деп эсептейм! Өзүм ишенген нерселерден түк да шектенбейм. Кандай гана жагдай болбосун, мени „өлүм да, өмүр да, периштелер да, өкмөттөр да, азыркы нерселер да, келечектеги нерселер да, күчтөр да, бийиктик да, тереңдик да, деги эле жаратылган эч бир нерсе... Кудайдын... сүйүүсүнөн ажырата албайт“» (Римдиктер 8:38, 39).