Мазмунун көрсөтүү

Юрий Залипаев сот алдында акыркы сөзүн айтууда

7-ОКТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту Юрий Залипаевди актады!

Орусиянын соту Юрий Залипаевди актады!

2020-жылдын 7-октябрында Кабарда-Балкар Республикасындагы Май райондук соту Юрий Залипаевди айыпсыз деп жарыялап, ага коюлган айыптардын баарын жокко чыгарды. Прокурор 10 күндүн ичинде бул чечимге каршы доо арыз жаза алат.

Прокурор Юрий бир тууганыбызга башкаларды зордук-зомбулукка үндөп жатат деген айып койгон болчу. Бирок 30дан ашуун киши анын тек гана адамдарды Ыйык Китеп окууга, баарына боорукердик менен, жылуу-жумшак мамиле кылууга үндөгөнүн ырасташкан.

Соттун чечими БУУнун Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобунун жыйынтыгына да негизделди. Ал топтун жыйынтыгында Жахабанын Күбөлөрү зордук-зомбулуктун эч бир түрүнө катышпай турганы, эч кимди андай ишке үндөбөй турганы айтылган.

Соттун чечими чыккандан кийин Юрий Залипаев мындай деген: «Үй-бүлөм да, досторум да мага жаман өкүм чыгарылат деп күтүп жатышкан. Сот учурунда Жахаба жардам бергендиктен, коркунучка алдырган жокмун. Менин айыпсыз экенимди коргош үчүн бүт күчүн жумшагандарга терең ыраазычылык билдирем. Буга аябай сүйүнүп жатам».