31-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ
Орусиянын соту төрт бир тууганыбыздын доо арызын четке какты
2021-жылдын 28-майында Омск облустук соту Сергей Поляковдун, аялы Анастасиянын, Гаухар Бектемированын жана Динара Дюсекееванын доо арызын канааттандырган жок. Ошол себептен Сергей бир тууганыбыз түрмөдөн чыгарылбайт. Шартуу соттолгон үч ишенимдешибизге чыгарылган чечим да күчүндө калат.