Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Ольга Силаева, Татьяна Шамшева, Владимир Хохлов, Эдуард Жинжиков сот учурунда (28-октябрь, 2020)

28-ОКТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусиянын соту төрт ишенимдешибизге байланыштуу төмөнкү баскычтагы сот чыгарган чечимди күчүндө калтырды

Орусиянын соту төрт ишенимдешибизге байланыштуу төмөнкү баскычтагы сот чыгарган чечимди күчүндө калтырды

2020-жылдын 28-октябрында Брянск облустук соту Владимир Хохлов, Татьяна Шамшева, Ольга Силаева жана Эдуард Жинжиковдорго чыгарылган буга чейинки чечимди күчүндө калтырып, аларды айыптуу деп тапты. Баштапкы соттун чечимине ылайык, алар 1 жылдан 1 жыл үч айга чейин түрмөгө кесилген. Бирок ага чейин эле тергөө камак жайында отургандыктан, мөөнөтүнө дагы кошумча жылдар кошулган эмес. Ошентсе да Брянск облустук сотунун акыркы чечимине ылайык, аларга коюлган кылмышкер деген айып жоюлган жок. Анткен менен ал ишенимдештерибиз боштондукка чыкканына сүйүнүп жатышат. Эми прокуратура андан да катуу жазаны талап кылып доо арыз жаза албайт.

Эң биринчи жолу соттолгонго чейин тергөө камак жайында ага-инилерибиз 316 күн, эже-карындаштарыбыз болсо 245 күн отурушкан. Ал жактан чыккандан кийин Татьяна менен Ольга бир туугандарыбыз «Жетектөөчү Кеңештин 5-отчёту, 2020» деген видеодо дил маек беришкен. Алар тиленүүнүн, Ыйык Китепти окуунун жана ыраазы болуунун аркасында кубанычын сактай алганын айтып беришкен.